Санат Кушкумбаев: «Чөлкөмдүк контекстте Казакстан лидерлик турумга ээ»

image_pdfimage_print

Санат Кушкумбаев: «Чөлкөмдүк контекстте Казакстан лидерлик турумга ээ»

22.08.2014

«Аналитикалык базар саясий турмуш менен тыгыз байланышта, эгер саясий чөйрөдө монополия же, тескерисинче, ар түрдүүлүк болсо, анда бул, сөзсүз, аналитикалык базарга чагылат”, — деп билдирди Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун (Алматы) башкы илимий кызматкери Санат Кушкумбаев IPPге берген маегинде.

IPP: Сиздин өлкөдөгү коопсуздук боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алууда эксперттик коомчулук кандай роль ойнойт?

Санат Кушкумбаев: Казакстандагы коопсуздук маселеси менен өз алдынча эксперттердин деӊгээлинде да, институттардын деӊгээлинде да алектенип келишет. Бул меселени изилдөө табигый көрүнүш деп эсептейм, себеби, коопсуздукту камсыздоо маселеси чөлкөмдүн ар бир өлкөсү үчүн актуалдуу жана Казакстан эрежеден тышкары эмес. Чынында, бул бүтүндөй постсоветтик мейкиндик үчүн мүнөздүү, албетте, коопсуздук маселелерин иликтөөгө адистештирилген түзүмдөр дайыма боло бермекчи.

Мындай институттардын эӊ алгачкыларынын бири – бул Казакстан Республикасынын Президентине караштуу  Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институту. Ал башында Казакстан менеджмент, экономика жана прогноздоо институтунун алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр борбору катары түзүлгөн, ал эми 1993-жылы президенттин жарлыгы менен өз алдынча түзүмгө айланган. Баарына маалым болгондой, СССР кулагандан кийин Казакстанга ядролук курал мурас калган. Бул номиналдуу гана ээлик болчу, себеби, Казакстандын аны колдонууга техникалык мүмкүнчүлүгү болгон эмес, бирок, ошол учурда ядролук куралга ээ болуунун өзү эле негизги тышкы саясий маселелердин бири болуп, бул маселе орусиялык жана батыштык эксперттердин катышуусу менен талкууланган. Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институту бул маселелер талкууланган аянтчалардын бири эле. Ядролук курал Казакстан үчүн да, эксперттик коомчулук үчүн да абдан маанилүү тышкы саясий тема болуп калган.

Албетте, Ооганстандын тегерегиндеги кырдаал, чөлкөм коопсуздугу, постсоветтик өлкөлөр менен жана Борбордук Азия чөлкөмүнүн коӊшу өлкөлөрү менен болгон мамлекеттер аралык мамилелер, Кытай менен чек аралар боюнча сүйлөшүүлөр – мунун баары эксперттердин көӊүл чордонунда эле. Казакстандын советтик өтмүшүн эске алганда, ал жакта ошол учурда эл аралык мамилелер боюнча адистердин же коопсуздук адистеринин саны анча көп эмес эле, андыктан, бул маселелер менен эл аралык-саясий, эл аралык-юридикалык проблематикага тиешеси бар адамдар – тарыхчылар, юристтер, саясат таануучулар жана чыгыш өлкөлөрүн, оболу Кытайды изилдеген чыгыш таануучулар алектенип келген. Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын курамында Чыгыш таануу институту бар болчу, азыр да бар. Ал дагы эл аралык-саясий маселелерге байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүп келет.

Кийинчерээк, 1994-жылы, Казакстанда алгачкы жеке аналитикалык мээ борбору – Казакстандын өнүгүү институту түзүлгөн. Ал чөлкөмгө өзүнүн мезгилдүү ар жылдык басылмалары менен таанылган. Ал жерде аналитиктердин жана изилдөөчүлөрдүн кыйла чоӊ, жигердүү жамааты чогулган. Алардын көбү Казакстан стратегиялык изилдөөлөр институтунун мектебинен өткөн, мамлекеттик же жеке аналитикалык түзүмдөрдө иштеген.

Кийинчерээк бул маселе адистешкен институттарда гана эмес, башка жактарда да дагы  кененирээк изилдене баштады. Бара-бара ар кыл аналитикалык топтор түзүлдү. Бизнес-коомчулук, каржылык-өндүрүштүк топтор пайда болгон соӊ, алар өздөрүнүн медиасына, аналитикалык бөлүмдөрүнө ээ болууну каалашты, бул көрүнүш постсоветтик өлкөлөрдүн көбүнө мүнөздүү эле. Бул жагдай да деформациялануу менен бирге постсоветтик өлкөлөрдөгү бардык саясий системалардын деформацияланышын чагылдырган аналитикалык рынокко белгилүү бир деӊгээлде таасир эткен. Бул аналитикалык түзүмдөрдүн чечим кабыл алышына көбүнчө тигил же бул оюнчулар да аралашып келген. Бул майда жана бир аз чоӊураак топтор болгон, бирок,алар түзүлүп, жоюлуп, кайра пайда болуп турчу. Эӊ жигердүүлөрү эксперттерге кыйла таанымал эле.

Бейөмөт сектор да бул маселелер менен алектенүүгө аракет кылган. Уюмдардын көбү бул ишти кандайдыр бир системасы, туруктуу каржылык колдоосу жок эле жүргүзүшүп, бүтүндөй үчүнчү секторго мүнөздүү көйгөйлөрдөн запкы чеккен. Биринчиден, аларда тематика өтө кенен болгон, экинчиден, бул уюмдар бардык маселе менен алектене берген, үчүнчүдөн, тар тармакта адистешкен адамдар жана аналитиканын сапаты болгон эмес.

Жалпысынан алганда, аналитикалык чөйрө мен үчүн коомдо жүрүп жаткан социалдык жана саясий жараяндарды чагылдырган күзгү экенин белгилегим келет. Эгер саясий системада өзгөрүү болсо, бул жараяндар менен түздөн-түз байланышта болгон аналитикалык чөйрөдө, аналитикалык рынокто да ошол эле оӊ жана терс өзгөрүүлөр болуп турган.

Мамлекеттин өзүндө муктаждык болгондуктан, Казакстанда аналитикалык продуктка мамлекеттик тапшырык бар экенин белгилей кетүү зарыл. Бул табигый жана мыйзамченемдүү көрүнүш, анткени, көйгөйлөр туруктуу түрдө чыгып тургандыктан, өлкөнүн кызыкчылыктарын дайыма коргоп, конъюктурага, ички саясий кырдаалга такай байкоо жүргүзүп туруу абзел.       

Өлкөнүн масштабына жараша мамлекеттик тапшырыкка болгон муктаждыктын көлөмү да чоӊ болгонун белгилөө орундуу. Демек, мамлекеттик же жарым-жартылай мамлекеттик аналитикалык түзүмдөргө талап бар болчу. Чечимдерди кабыл алууга жооптуу мамлекеттик институттар менен тыгыз байланышта турган аналитикалык түзүмдөр бар. Мисалы, Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин Коруна караштуу Дүйнөлүк экономика жана саясат институту. Формасы жактан бул жеке аналитикалык түзүм болмок, бирок, аталышы эле айтып тургандай, бул институт мамлекеттик маселелерди чечүүгө багытталган.

Же, мисалы, беш жылдан ашык иштеп, саясий чечимдер борборлору менен кызматташкан, бирок формасы жактан жеке түзүм болгон Саясий чечимдер институту. Бул белгилүү бир баскычтардагы белгилүү бир маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк берчү. Белгилүү бир учурда мамлекеттик аналитикалык түзүмдөрдө ийилчээктик болбогон кезде жеке түзүмдөрдүн изилдөө чөйрөсү кеӊейип, алар иш-аракеттеринде, анын ичинде, коомдук баалоолордо, белгилүү бир деӊгээлде эркиндикке ээ болушкан.     

Бул бир канча гана мисал. Иш жүзүндө ар кыл институттар бар, ири ММКлардын алдында аналитикалык топторду түзүү аракеттери жүрүп жатат, бир же эки эксперттен турган туруктуу жеке түзүмдөр бар, бул да кандайдыр бир деӊгээлде ар түрдүүлүктү жаратууда.

Борбордук Азия чөлкөмүн алсак, Казакстанда аналитикалык чөйрөнүн өнүгүшүнө салыштырмалуу түрдө көбүрөөк көӊүл бурулуууда. Өкмөттүк да, бейөкмөттүк да жаӊы түзүмдөр пайда болууда. Бул тышкы саясий жигердүүлүктүн масштабына, биздин тышкы саясий ишмердүүлүгүбүзгө, ички саясий өзгөрүүлөрдүн масштабына, өлкөнүн жалпы масштабдарына байланыштуу. Бирок, кырдаал идеалдан алыс, айрыкча, эл аралык мамилелер же жөн эле КМШнын кеӊири мейкининдиги тууралуу сөз кыла турган болсок. Субъективдүү таасирленүүлөрдөн улам, мисалы, Азербайжанда, Украинада, Орусияда аналитиканын деӊгээли кыйла жогорураак деп айтсак болот, себеби, ал жактарда аналитикалык түзүмдөрдүн кеӊири тармагы бар. Бирок, бул да белгилүү бир ички жагдайлар, бул өлкөлөрдүн тегерегиндеги эл аралык кырдаал менен шартталган. Ал эми чөлкөмдүк контексте, менимче, Казакстан лидерлик турумду ээлейт.

Аналитикалык түзүмдөр негизинде калыс анализ менен алектенүүсү зарыл, бул алардын негизги милдети, б.а., алар белгилүү бир маселелерди чечүүгө багытталган. Эгер аналитикалык түзүмдөргө таасир этүү аракети көрүлсө, түшүнкүтөрдүн алмашуусу ишке ашат же кимдир бирөө басымдарды башкача коюуга далалат кылса, мисалы, көйгөйлөрдү чечүүдөн бул көйгөйлөрдү боёмолоого аракет кылса, анда дароо аналитикалык түзүмдүн өзгөрүүсү жана деградациясы жүрмөкчү.

Аналитикалык рынок тууралуу сөз кыла турган болсок, ал өзүнө болгон ачык, чынчыл, көп кырдуу мамилени талап кылат. Бул жерде да бизнестегидей эле эрежелер өкүм сүрөт. Эгер бизнесмен өзүнүн каражаттарын бир нерсеге салгысы келсе, анда ал рыноктун чынчыл, калыс маркетингдик анализине тапшырык кылат. Ага кооздолгон же чектелген анализдин кереги жок. Чындыкка коошкон көрүнүмдү алып, бардык коркунучтарды жана тобокелчиликтерди баалаган соӊ, ал инвестициянын жөндүүлүгү жөнүндө ойлонот.

Аналитикалык рынок да ушундай. Аналитиктер критикалык анализге багыт алат, анткени, алардын максаты – бул ар кандай аспекттерди карап чыгуу, көп факторлуу анализ жүргүзүү. Бул болсо, аткаруучулардын да, тапшырыкчынын да деӊгээлинен, сапатынан, квалификациясынан көз каранды. Бирок, аналитикалык түзүмдөрдү багыттабаса, же бир нерседе чектесе, бул бара-бара токтолууга алып келет жана бул токтолуу узак убакытка созулса, бул чөйрөнүн деградациясы да жүрөт.

Формасы жактан корпоративдик болобу, жеке же мамлекеттик болобу, ар бир аналитикалык түзүм белгилүү бир маселелерди, көйгөйлөрдү чечүүгө, буларды көрүүгө багытталышы абзел. Ооба, ар кыл аналитикалык түзүмдөрдүн ар кандай көз караштары болушу ыктымал, ал гана эмес саясий туруму да айырмаланышы мүмкүн, бул табигый көрүнүш. Аналитикалык рынок жана көйгөйлөргө болгон көз караш канчалык деӊгээлде ар түрдүү болсо, коом жана мамлекет ошончолук деӊгээлде бул көйгөйлөрдү чечүүгө зарыл болгон так маалыматка, анализге ээ болот.

Деформацияланбаган саясий системада жана деформацияланбаган аналитикалык рынокто көбүнчө көз караштардын кеӊири тармагы акырында дагы да сапаттуураак натыйжага алып келет. Албетте, аналитикалык түзүмдөрдүн санын арттыра берсе болот, бирок, алардын баары бир багыттын же идеологиялык бир вектордун нугуна түшсө, анда бул натыйжа бербейт. Мен айтып өткөндөй, аналитикалык рынок саясий турмуш менен тыгыз байланышта, саясий чөйрөдө монополия болсо, же ар түрдүүлүк болсо, бул сөзсүз аналитикалык рынокко чагылат. Көбүнчө түзүмдөр же аналитиктер өздөрүн цензурадан өткөрөт. Белгилүү бир тоскоолдуктар, алардын ичинде, идеологиялык тоскоолдуктар бар.  

Айрым кылдат маселелер бар. Чөлкөмдүк, эл аралык же ички жагдайларды эске алуу менен бул маселелердин эл алдына чыгарылышы мүмкүн болбой калат. Улуттук коопсуздук же эл аралык мамилелер тармагында кылдаттыкты талап кылган маселелер бар, туура эмес чечмелөөлөрдүн же маселенин ашыкча саясатташтырылышынын алдын алуу максатында, буларга байланыштуу жыйынтыктар жана изилдөөлөр атайы даярдалган адамдардын чөйрөсүндө гана талкууланышы мүмкүн. Ачык жана жабык аналитикалык чөйрөлөр, тексттер, баяндамалар Казакстанда да, бүткүл дүйнөдө да бар, болгону коом, мамлекет тарабынан чынчыл, сапаттуу аналитикага талап барбы – кептин баары мына ушунда.

IPP: Мамлекеттердин жетекчилери сунуштоолорду кабыл алышы үчүн Борбордук Азиянын эксперттик коомчулугунун кызматташуусу жана коопсуздук маселелеринде маалымат алмашуусу чындап эле мүмкүнбү?

Санат Кушкумбаев: Албетте, мындай кызматташуу эксперттик да, саясий да, эл аралык да деӊгээлдерде зарыл. Бул анализдин жыйынтыгы жана анын сапаты жагынан абдан натыйжалуу болмок. Бирок, мен айтып өткөндөй, эксперттик чөйрө таасир астында, анын ичинде, саясий чөйрөнүн таасири астында калууда. Эгер саясий чөйрөдө кызматташуу болбосо, бул абал экспрттик чөйрөдөгү кызматташууга да таасирин тийгизет. Бирок, эксперттик чөйрө ийкемдүүрөөк экенин белгилей кетиш керек. Дипломатияда Track II (экинчи жол) деген түшүнүктүн болушу бекеринен эмес, бул жерде экспрттик коомчулук тууралуу сөз болууда. Эл аралык деӊгээлде биринчи, расмий жолдогу сүйлөшүүлөр алга жылбай жатканда, экинчи жол пайдаланып, эксперттик деӊгээлде сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн учурлар аз эмес. Борбордук Азияда муну кеӊири пайдаланса болот.

Бул өлкөлөрдө эксперттик чөйрө жана эксперттик аналитикалык коомчулук саясий чөйрөгө таасир этүүдөбү деген башка маселе. Бул жерде биз абал КМШнын аталган өлкөлөрүндөгүдөй эмес экенин, Батыштагыдай, АКШдагыдай, Кытайдагыдай эмес экенин көрүүдөбүз. Бул өлкөлөрдө биз саясий чечимдерди кабыл алуу чөйрөсү менен ал чечимдерди аналитикалык жактан чечмелөө чөйрөсүнүн ортосундагы тыгыз байланышты байкайбыз. Бул продуктка болгон талап жогорку деӊгээлде жана чечим кабыл алууда пайдаланылат.

Анткен менен, эксперттердин бардык чечимдери жана сунуштоолору кабыл алынса, толук гармония орнойт деп айтуу туура болбойт. Чынында, дайыма эле андай боло бербейт, себеби, эксперттерде субъективдүү, идеологиялык жактан таӊууланган турумдары бар. Кырдаалды ар тараптан баалоо абзел. Бир эксперттик топко же бир эксперттик көз карашка гана таянуу менен натыйжалуу чечимге келүү дайыма эле мүмкүн боло бербейт, андыктан, ар кандай пикирлер, жеке көз караштар, корпоративдик сектордун көз карашы, БӨУлардын көз карашы, мамлекеттик эксперттердин көз карашы болушу керек, булардын жыйындысы белгилүү бир чечимге, көйгөйдүн ар тараптан изилденишине алып келет. Мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу механизми мындай түзүмдөргө бекитилип, аталган механизм алардын баарын сиӊирип, иштеп чыкса, анда жыйынтык да такыр башка болот. Биздин чөлкөмдө бул нерсе, көбүнесе, ички саясий кырдаалдан, саясий режимдерден көз каранды.

Эксперттер арасында кызматташуу жүрүп жатат, кандайдыр бир тармак бар, кырдаалга алыстан өзүнүн баасын берген эксперттер долбоорлорго катышышат, дайыма диалог түзүшөт. Кызматташуунун натыйжасында көз караштар баюуда.

Анна Капушенко

Бул жарыя Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин техникалык колдоосу менен даярдалды. Жарыянын материалы Элчиликтин расмий көз карашын чагылдырбайт.

Негизги бетке кайтуу / Басып чыгаруу версиясы