Тегерек столдун стенограммасы: «Бийликтин тик сызыгы: борбор жана аймактар»

Тегерек столдун стенограммасы: «Бийликтин тик сызыгы: борбор жана аймактар»

20.07.2012

26-июнда Коомдук саясат институтунда «Бийликтин тик сызыгы: борбор жана аймактар» деген темада Тегерек стол болуп өттү.

Модератор: Мээрим Шамудинова, Коомдук саясат институту

Спикерлер:

Шерадил Бактыгулов, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт
Алексей Красин,
«Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү агенттиги» коммерциялык эмес коомунун стратегиялык долбоорлорунун жетекчиси 

Катышуучулар:

Мира Абдыраимова, «Тажрыйбадагы юристтердин мектеби» коомдук уюмунун жетекчиси
Абдыкадыр уулу Марат, Кыргыз-Орус Славян университетинин студенти
Нургүл Акимова, Орусиянын Элдердин достугу университетинин студенти
Аида Акматалиева, Улуу Британиянын КРдагы элчилигинин программалар бөлүмүнүн жетекчиси
Жолдош Асибалиев, Саясат жана өнүгүү институтунун өкүлү
Анара Аширалиева, Улуу Британиянын КРдагы элчилигинин программалар боюнча адиси
Жалалбек Балтагулов, КРнын МСУ союзунун дирекциясынын аткаруучу директору
Чыңгыз Бексултанов, Коомдук анализ институту
Яхмат Висаева, «Тынчтык аймагы» коомдук фондунун төрайымы
Евгений Гречко, Социалдык технологиялар агенттигинин программаларынын координатору
Есен Джуманов, CAFMI серепчиси
Аали Жумагулов, КРнын өкмөтүнүн алдындагы Курулуш жана аймактык өнүгүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун кеңешчиси
Сайракан Жунушова, жарандык активист, Беш-Күнгөй айылы
Айтумар Жеенбекова, Эл аралык мониторинг институтунун Бишкектеги филиалынын кеңешчиси
Азат Ишмухамедов, ОБСЕнин Бишкектеги борборунун аскердик-саясий бөлүмүнүн программалык ассистенти
Георгий Качарава, ОБСЕ
Мурат Кошмуратов, «Архитектура мира» коомдук фондунун директору
Бектурсун Молдоканов, КМЮАнын студенти
Айнура Мадраимова, «Айыл демилгеси» коомдук уюмунун аткаруучу директору
Анар Мусабаева, саясий серепчи
Гүлзат Наматбекова, ЮСАИДдин жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча долбоорунун юристи
Михаил Чумейко, «Кыргыз аналитика жана маалымат агенттиги» коомдук уюмунун эксперти 
Таттуубүбү Эргешбаева, «Alma Group» юридикалык компаниясынын юристи

ММК:

Элзат Абдраимова, ЭлТР
Алексей Гуляев,
Knews
Ислам Дуванаев,
«24.kg» МА
Жибек Капарбекова,
ЭлТР
Жазгул Масалиева,
«24.kg» МА
Рахатбек кызы Жибек, «
Биринчи радио»
Марина Сколышева,
Knews
Жамиля Усенова,
КТРК 

Мээрим Шамудинова тегерек столдун темасын белгилеп спикерлерди тааныштырып өттү.

Алексей Красин: Мен оболу бардык катышуучуларга салам жолдоп , бул тегерек столго келип катышып жаткандары үчүн ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Көп убакыт албастан, бүгүнкү талкуубуздун алкагын белгилеп кетейин.

Бийликтин тик сызыгы жөнүндө сөз кылып жатып, бийликтин тик сызыгы – бул түпкү максат эмес, мамлекетти, айрыкча, Азия чөлкөмүндө, өзүнө таандык башкаруу өзгөчөлүктөрүнө жана салттарына ээ мамлекетти жигердүү башкаруу куралдарынын бири экенин түшүнүш керек го дейм.

Толук эгемендүү мамлекет болуш үчүн мамлекеттик курулушка жана мамлекеттик башкарууга тиешелүү маселелердин баарын өз алдынча чечүү зарылчылыгы бар экени айдан ачык . Бир жагынан, бийликтин керектүү институттарын куруу, экинчи жактан, бул институттардын толук кандуу иштешин дайым камсыздап туруу абзел. Белгилей кетчү нерсе – мындай мамлекетти курууга багытталган бүгүнкү далалаттарды азырынча майнаптуу деп айтууга  болбой жатат.

Мен, артыкчылыктуу багыттарды белгилебестен, жөн гана биздеги көйгөйлөрдүн жыйындысына кыскача токтолмокчумун. Өлкөдө ачык-айкын аймактык саясат жокко эсе. Азыркы кыргыз мамлекетинде мындай саясатты жүргүзүүгө далаалат деле жасалган эмес .

Биз көптөгөн ар түрдүү стратегиялык программаларды иштеп чыгуу, мамлекетти жана аймактарды өнүктүрүү стратегияларын калыптандыруу аракеттерине күбө болгонубуз менен, булардын бардыгы эле, адатта,  ички муктаждыктардан улам эмес, тышкы алкактардан келип чыккан. Ал жерде болсо демократиялаштыруу, аймакташтыруу (ыйгарым укуктарын борбордошкон башкаруудан аймактык башкарууга көчүрүү), өз алдынча башкарууну өнүктүрүү ж.б.у.с. нерселер камтылган.

Тегерек столдордун биринде мен методологиялык ката кетирилгендиги тууралуу айтып өткөн элем. Аймакташтыруу, мамлекетти өзгөртүүнүн куралы гана болгонуна карабастан, бизде ал түпкү максатка айланып кеткен да, бул жараян өлкөбүздө иштеп жаткан советтик бийлик тик сызыгынын калдыктарын да талкалап салган.

Эгемендүүлүк жараянынын алгачкы баскычтарында эле, мамлекеттик идеология ар кандай жергиликтүү «кремлдик кыялкечтердин» жана кызматта турган айрым топтордун тизгининде калып, бийликтин ыйыктыгына доо кеткен да, 2000-жылдардагы жараяндардан улам бийликке болгон ишеним толугу менен жоюлуп, 2005- жана 2010-жылдары мамлекеттик бийликтин талашсыздыгынан жана күчтүлүгүнөн күмөн саноолор кыйла өрчүгөн. Биз эми мунун кесепетинен улам дагы далай запкы чегебиз.

Бул жараян убактылуу экени түшүнүктүү, анткени, 2000-жылдардагы өзгөрүүлөрдүн натыйжасында азыр жаңы мамлекеттик системаны куруу жараяны жүрүп жатат, чыныгы көп партиялуулук пайда болду, мамлекеттик курулуш саясатынын векторлору да өзгөрдү. Бирок, ошентсе да, бул жараяндарга параллелдүү түрдө мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүк деңгээли да төмөндөп жатканын түшүнүшүбүз керек. Буга карата да сөзсүз чара көрүү зарыл.

Муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгү чынында да  өтө төмөн. Принцибинде, бул көрүнүш мен сөз кылып өткөн өлкөнүн жалпы  жараяндарына анча таасирин тийгизбейт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү адис катары менин байкоолорума караганда , бул фактор жаңы Кыргызстандын өнүгүү жараянынын бардык баскычтарында тең бирдей мүнөзгө ээ.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринин түзүмү жана өлкөнүн акимдик-аймактык түзүлүшү да Кыргызстан дуушар болгон абалга туура келбейт, жана саясат субъекттери муну түшүнүп турушат.

Өзүнүн илгерилөө жолунда мамлекетибиз жаңы милдет, тобокелдик жана коркунучтарга  тушуккан сайын, мамлекеттик башкаруу түзүмүн өзгөртүү, акимдик-аймактык түзүлүштү өзгөртүү жана жергиликтүү бийликтин ылайыктуу системасын түзүү маселеси көтөрүлүп жатканына күбө болуп жатабыз.

Бирок, Кыргызстан үчүн төп келе турган жергиликтүү жана борбордук бийликти бөлүштүрүүнүн телегейи тегиз формуласы азырынча табыла электигин белгилей кетиш керек. Бул жаатта иштер жүрүп жатат, биз бул жараянга да күбө болуудабыз: Акимдик-аймактык түзүлүштү реформалоонун жоболору иштелип чыкты. Бул иштин жыйынтыктарын ар кандай өңүттөн алып караса болот, бирок, кантсе да иш жүргүзүлүп жатканын жана бийлик бул ишти аткарбастан, ийгиликке жетүү мүмкүн эмес экенин түшүнүп турганын белгилей кетиш керек.

Учурда Кыргызстандын аймактык өнүгүү концепциясы иштелип жатат. Анын бир компоненти башкаруу системасынын өлкөгө ылайыктуу матрицасын түзүү болмокчу.

Бул жерде айта кетчү жагдай, мамлекеттин эң көрүнүктүү маселелеринин бири – бүгүн бийликтин тик сызыгы мажирөө болуп  жаткандыгы. Бул көйгөй  болсо комплекстүү мүнөзгө ээ.

Толук жарамдуу  бийлик тик сызыгы деген эмне? Мен бул түшүнүккө бир сүйлөм менен аныктама бергенге аракет кылдым. Бул аныктама жалпы мүнөзгө ээ болгону менен, анда биздин эксперттик талкуубузга мейкиндик бар. Менимче, бийликтин тик сызыгы – мамлекеттик саясаттын жогорудан төмөндү карай толук, так жана өзгөртүүсүз ишке ашырылыш жөндөмдүүлүгү жана бул саясатка карата төмөндөн жогоруну карай багытталган мамилени  камтыган так кери байланыш.  

Муну чечмелеп берейин . Бийлик тик сызыгынын системасы өлкө алкагында иштелип чыккан жана макулдашылган мамлекеттик саясат жогорудан төмөндү карай бардык бийлик түзүмү аркылуу ишке ашырылгандай болуп курулушу ылаазым. Демек, башкаруунун шыктандыруучу күчтөрү бардык кадамдарда эч өзгөрүүгө учурабашы, кайсы бир жергиликтүү башкаруучу тарабынан өз кызыкчылыгы үчүн түзөтүлбөшү керек. Бул системада макулдашылган саясат жана өлкөнүн өнүгүү идеологиясын ишке ашыруу түзүлүшүнүн болушу шарт.

Экинчи жагынан, жогоруда турган бийлик бул саясатка, өнүгүү идеологиясына карата жарандарыбыздын мамилесин  так билиши керек. Бул жараян чөлмөк  принциби боюнча үзгүлтүксүз жүрүп турушу керек.

Эми мындайча суроо туулат: азыр акыбал ушундайбы? Кыргызстанда да, башка постсоветтик мамлекеттердин көбүндө да андай эмес. Авторитардык эн тамгасы бар башкаруунун катаал советтик системасынан кыйрашы менен, биздин үлүшүбүзгө тийген биринчи нерсе башкаруу системасынын, кери  байланыш системасынын талкаланышы болду.

Эсиңиздерде болсо керек, Совет доорунда башкаруу үч канал аркылуу ишке ашырылып келген. Биринчи канал – бийликти партия жүргүзүп, өнүгүүнүн идеологиясы саясий бюродо  иштелип чыкчу. Партиялык багыт менен бул идеология төмөнкү инстанцияларга жеткирилип турчу. Партиялык жогорку инстанциялар партиялык баштапкы уюмдарга , партиянын адээрлик р бир мүчөсүнө чейин жеткен.

Экинчи канал – бул Кеңештер. Депутаттар кеңеши, аткаруучу комитеттер болгон жерде — аткаруучу, чарбалык бийлик өкүм сүргөн .

Бийлик тик сызыгынын үчүнчү коомдук каналы – бардык өндүрүштө болгон кесиптик уюмдар (профсоюздар).

Башкаруунун бир эле шыктандыруучу күчү ар кандай түрдө бул үч канал аркылуу эң төмөн катмарга чейин жетип, ал жактан эл кандай ойдо деген күчтүү кери  байланыш түзүлүп турган. Бул системанын айрым кемчиликтери болсо да, жогоруда ойлонуштурулган нерселердин баары так жана бирдей аткарылбаса да, өлкөбүздө андан жакшы система азыркыга чейин иштелип чыга элек. 

Бул үчилтик өзөктүү башкаруу системасы кыйрагандан кийин, Россия Федерациясы Борис Ельциндин президенттиги маалында тушуккан көрүнүшкө биз да тушуктук, ал мезгилде Орусияда  жер-жерлерде президенттин жарлыктарынын 80 пайыздан көбү аткарылбай кала берген.

Эгер бизди мамлекетти жигердүү башкаруу маселелери ойлондурат дечү болсок , анда өлкөнүн өнүгүүсүнүн бул кризистик учурунда биздин алдыбызда олуттуу милдеттер , тобокелдиктер  жана өнүгүү маселелери турат, жана биз аларды так белгилеп, жакынкы мезгилде жана орто аралыктагы баскычта чече турган маселелердин катарына кошушубуз зарыл.

 Анда биз бийлик түзүмүн курууда тик сызык түрүндөгү бийликтен тышкары, бийликтин горизонталдуу (туурасынан кеткен) сызыгы да бар экенин – макамдары бирдей башкаруу түзүмдөрүнүн өз ара аракети  да бар экенин унутпашыбыз керек.

Мындан тышкары, мамлекеттик саясаттын, өлкөнүн өнүгүү саясатынын жана бул өлкөнү башкаруу системасынын өнүгүү саясатынын толук жарамдуу  комплексине, жана булар менен иштөө үчүн зарыл болгон башкаруучулардын жөндөмдүүлүктөрүнүн жыйындысына ээ болуш керек. Менимче, бүгүнкү тегерек столдо талкууланышы керек болгон алкактар мына ушулар.

Шерадил Бактыгулов: Бүгүнкү талкууланып жаткан теманын актуалдуулугу анын  бир себебин айтсак эле аңдалат . Борбордогу жана жер жерлердеги бийликтердин өз ара аракетинин  негизин бийликтин саясий тик сызыгын бекемдөө түзөт.

Ошол эле учурда, бийлик тик сызыгын бекемдөө катары мындай көрүнүштүн мааниси адамдардын өздөрүнүн түшүнүктөрүнөн көз каранды, ал эми бул түшүнүктөргө негизделген бийликти бекемдөө иш-аракеттеринин натыйжалары жөнүндөгү айтылгандар болсо «мындан жакшыраак болот» деген өңдүү бүдөмүк убадалар менен гана чектелип келүүдө. Түшүнүксүз нерсе: кимге эмне жана канчалык деңгээлде жакшыраак болмокчу?

Андыктан, оболу, мындан ары сөз боло турган маселелердин алкагын белгилей кетейин.

Саясий жана юридикалык илимдерде бийликтин тик сызыгы мамлекеттик бийликтин түзүмдөрүндөгү жана башкаруу мекемелериндеги «төмөндөн жогору карай» баш ийүү же «жогорудан төмөн карай» баш ийүүчүлүк сызыгын туюндурат. Болгону ушу.

Кыргызстанда бийлик тик сызыгы үч өзгөчөлүккө ээ, мен ушул багытта сөзүмдү улайын.

Биринчи өзгөчөлүк. Бийликтин тик сызыгы төмөндөн жогору карай баш ийүүчүлүк сызыгына ээ. Жогорудан төмөн кеткен сызык жок.

Экинчи өзгөчөлүк. Бийликтин тик сызыгын бекемдөө иш-чаралары мамлекеттик башкаруу мекемелеринин да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринин да бир борборго, колдон келсе, бир адамга баш ийе турган сызыкты орнотууга багытталган.

Орусиянын мисалында түшүндүрөйүн. 2000-жылдардын башындагы акимдик  реформанын алкагында бийлик тик сызыгын бекемдөө дегенде РФнын субъекттеринин бийлик органдарынын федералдык борборго, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринин болсо — РФнын субъекттерине баш ийүүчүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу чарасы катары түшүнө башташкан.

Үчүнчү өзгөчөлүк. Күчтүү парламент принцибин, ошондой эле, Жогорку Кеңештин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жаңы принциптерин киргизүү иши борбордогу жана аймактардагы бийликтердин ортосундагы мамилелердеги саясий партиялардын маанисин жогорулатат. Бул — теория жагынан алганда.

 Иш жүзүндө болсо чыныгы партиялык программалардын жоктугунан жана партиялык жетекчилик алмашпагандыктан улам бардык чечимдерди бир партиянын эки-үч адамы же эки-үч партия өкүмчүл маанайда кабыл алган учурлар артууда.

Бул үч өзгөчөлүктүн мындан аркы өнүгүүсү  эмнеге алып келет?

Кадрларды ар кандай кызматтарга дайындоо укугу бүгүнкү күндө бийликтин тик сызыгын бекемдөөнүн негизги жана жападан жалгыз куралы  болуп эсептелет.

Бул — кезектеги парадокс. Дайындалган саясий адамдар (министрлер, комитет төрагалары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринин жетекчилери жана башкалар) өздөрүнүн министрликтеринде, мекемелеринде жана башка башкаруу түзүмдөрүндө кесипкөй кызматкерлерди жумушка дайындашат.

Жыйынтыгында кайра парадокс. Чынында ар бир мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер дайындалган саясий кызматкер болуп калат, б.а., «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамына каршы келсе да, жетекчинин каалоосу менен тандалат жана дайындалат.

Мындан улам  борбордук жана жергиликтүү бийликтердин өз ара аракетинде  жашыруун тенденция байкалат. Өлкөдө эки же үч партиялык системанын курулушу жүрүп жатат да, программалары боюнча бири-биринен анча айырмаланбаган «чоң» партиялар бийликке умтулуп, ал жакта көп жылдар бою  кала берүүгө  аракет кылышат.

Партиянын бийликке келүү ниетинин эч кандай кесепети  деле жок, бирок, көйгөйлөрдүн баары «партиячылар» борбордо же жер-жерлерде бийликке келгенден кийин башталат.

Мүшкүлдүк  кайсы бир адамдардын бийликке  келүүсүнөн улам  эмес, жөнөкөй жарандардын арасында калыптанган: «Мамлекетти бюрократтар жана бизнесмендер башкарат» деген көз карашка байланыштуу орун алат.

Болгондо да жарандар “бюрократ” дегенде аткаминерлердин өлкө жана анын эли алдындагы милдет деген түшүнүктөн кабары жок, ууру кылган жана компетенттүү эмес бөлүгүн түшүнүшөт, ал эми бизнесмен дегенде бюрократтардын жардамы менен «майлуу-сүттүү» орунду ээлеп калган ууру жана принципсиз кызыл кулактарды түшүнүшөт.

Бул пикир болсо, өз учурунда, «Аткаминерлерге таасир берүүчү жалгыз күч – булар криминал жана капитал» деген башка бир туруктуу пикирдин калыптанышына жол ачты.

Андыктан, бүгүнкү күндө борбордогу жана жер жерлердеги бийликтин бири-бири менен болгон мамилелериндеги бардык демилгелер жарандар тарабынан бир адамдын же бир партиянын бийлигин бекемдөө аракети катары карала турганын түшүнүш керек. Бул болсо адамдардын кезектеги нааразычылыгына өбөлгө .

Ошондой эле, калайыктын  нааразы болуусунун чыныгы себеби – алар өздөрүн өлкөнүн жараны катары кабыл албашында экенин да түшүнүү зарыл. Өлкөнүн тургуну  катары кабылдашат, бирок, өздөрүн анын жараны катары сезишпейт.

Анан да, жашоонун төмөн шарты жана мамлекеттик башкаруунун борбордук жана жер жерлердеги мекемелеринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринин жетекчиликтериндеги өзгөрүүлөр да улам өсүп жаткан нааразычылыкты билгизүүгө түрткү берет. Мындай кырдаалды Ош шаарынын мэри Мырзакматов мырза менен Бишкектеги бийликтин ортосундагы мамиледен байкаса болот.

Нааразычылыктардын көбөйүшү бийликти бекемдөө жараянынын кери  бети. Бийликти бекемдеп жатып, жетекчилер: «Биз баарына жооп беребиз» дегендей болушат. Жооп берчү мезгил келгенде болсо баарына мурунку бийлик же кезектеги саясий, экономикалык  же каржылык каатчылык күнөөлүү болуп чыга келет .

Ошентип жыйырма жыл мурунку формула кайрылып келүүдө:  «бийлик — ченемсиз, жоопкерчилик болсо жокко эсе».

Мунун баары жарандардын коррупцияга карата мамилеси күчөгөн жана бийликтин ыйыктыгы улам азайган шарттарда болуп жатат. Ошондуктан, борбордогу жана жер жерлердеги бийликке карата талаптар өсүүдө, алардын иш-аракеттери болсо барган сайын терс бааланууда.

Эмне кылса болот?

Бийликтин тик сызыгы менен иштеп жатканда эки негизги мамиле бар. Шарттуу түрдө аларды түзүмдүк жана манипуляциялык  деп белгилесек болот.

Түзүмдүк мамиледен баштайлы. Бул мамиле боюнча мамлекеттик бийлик, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзүмдөрүнүн ортосунда башкаруунун тик (вертикалдуу) жана туура тартылган  (горизонталдуу) сызыктары боюнча өз ара аракет жүзөгө ашат . Бул жерде тик сызыктын эки багыты боюнча тең: «төмөндөн жогору карай» жана «жогорудан төмөн карай» бирдей эле учурда өз ара аракет жүрөт.

Түзүмдүк мамиленин алкагында тик сызыкты бекемдөө куралдарынын жыйындысы ал жерлерде иштеген адамдардын сапатын жогорулатууга байланыштуу.

Бул багыттагы биринчи кадамда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер саясий дайындалуучу тарабынан дайындалган тажрыйбадан баш тартуу керек.

Экинчи кадамда саясий, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кызматтык көрсөтмөлөрү киргизилип, алар бул кызматкерлердин компетенцияларына жана тигил же бул кызматты ээлей турган адамдарга коюла турган талаптарга негизделиши зарыл.

Манипулятивдик мамилеге ылайык, иштөө куралдары иштелип чыгышы абзел, жана бул иште биринчи кезекте коомдук пикир менен иштөөгө басым жасалат. Бул өлкөнү жаңыдан аймакташтырууну да, баш ийүүчүлүктүн жаңы сызыктарынын киргизилишин да туюндурушу мүмкүн.

Манипулятивдик мамиле жарандардын нааразычылыгын эки-үч жылга басаңдатат. Түзүмдүк мамиле болсо төрт-беш жылга чейин басаңдатат.

Бул эки мамиленин бир жалпы кемчилиги бар – бийликтин борбордо жана жер-жерлерде иштөө жараянынын өзүнүн өкүм сүрүшү үчүн  кызмат кылууга аргасыз болгону. Ал эми бул кемчилик бийликтин тик сызыгы менен, же башкаруу түзүмү менен, же башкарууну аймакташтыруу менен анча байланыштуу эмес, бул кемчилик бийлик тик сызыгынын иштешинин жалпы өлкөлүк максатын баамдоонун жоктугу менен байланыштуу.

Бул жерден башатка кайрылабыз – бийлик кандай максатка жетүү үчүн иштейт? Социализм айрым үй-бүлөлөрдө эчак эле курулган. Бийлик тик сызыгы бул максатка жетти. Бирок, бул үй-бүлөлөр Кыргызстандын калкынын 5 пайызынан ашпайт.

Бийликтин жүрүшү дээрлик аткарылбай кала берген укуктук актыларды кабыл алуу менен, кадрдык дайындоолор жана иштен алуулар менен гана чектелбейт. Жаңы жетекчи келгенден кийин дайындоолордун жана иштен алуулардын жаңы толкуну башталат.

Сыягы, бийлик жүргүзүүнүн негиздерин эстөөгө мезгил келди окшойт: бийлик элдин атынан, эл үчүн жана эл тарабынан жүргүзүлөт. Бизде мунун биринчи бөлүгү гана иштейт – элдин атынан бийлик жүргүзүлүп келет.

Анар Мусабаева: Алексей Красинге менин эки суроом бар. Сиз өзүңүздүн сөзүңүздө өлкөдө, жок дегенде чечим кабыл алган адамдардын арасында борбор жана аймактар арасында пайда болгон маселелер айрыкча маанилүү деген аңдоо  бар деп айткан элеңиз. Буга далил катары сиз Акимдик-аймактык түзүмдүн концепциясынын жана Аймактык өнүгүү концепциясынын иштелип чыгуу жараяндарын мисал келтирдиңиз.

Мен Аймактык өнүгүү концепциясы жаатында  суроо берейин дедим эле. Бул концепцияда кандай негизги мамилелер камтылган, ал мурун болуп келген аракеттерден эмнеси менен айырмаланат, жана сиз өзүңүз мындан эмнелерди күтөсүз?

Экинчи суроом аймакташтыруу маселесине тиешелүү. Аймакташтыруу иши мурун башкарууну өнүктүрүү куралы катары эмес, түпкү максат катары каралып келгени белгиленип өттү. Буга байланыштуу, сиздин оюңузча, башкаруучулук маселесин, кандайдыр бир борбордон качма тенденцияларын, ошол эле убакта, жергиликтүү өз алдынча башкарууну, жарандык коомду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндөгү ж.б. ураандарды  эске алганда, өлкөбүз кандай багыт алышы керек?

Алексей Красин: Экинчи суроодон баштайын. Чынында, менин пикиримде, 1990-жылдардын ортосундагы биз өзүбүз түшүнө бербеген жараяндарды – аймакташтыруу, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жараяндарын демөөрчүлөр тарабынан алды-артын карабастан  колдоп бериши биздин мамлекет үчүн чоң кесепетин тийгизди. Бул жерде биз үчүн эң маанилүү нерсе – кандайдыр бир эл аралык стандарттар бар эле жана биз аларга туура келишибиз керек эле, бизге ушул үчүн акча беришчү. Мына ушул нерсе жараянды толугу менен кыйраткан. Аймакташтыруу (борборсуздаштыруу) оюну өтө азгырып  кеткен. Эмнеге, кандай келечек үчүн булар жасалып жатканын эч ким ойлонгон деле эмес.

Советтик башкаруу системасындагы эски нерселерди кыйратып алуудан коруганга аракет кылган эски башкаруучуларыбыздын үндөрү анча так чыкпай калган. Аларды мурункудай көп адам укпай калган, алар өздөрү деле, демократиячыл эмес, реформаларга тоскоолдук кылып жатат ж.б.у.с. айыптоолорго кабылып калабыз деп коркконунан улам, мурункудай катуу сүйлөгөндөн тартынып калышкан.  

Биз тик сызыкты кыйратып алганда гана, анын ордуна эч нерсе тартуулай албай калганда, формалдуу түрдө өзгөрүлгөн мамлекеттин кандайдыр бир калп демократиялык стандарттарына туура келгенибиз менен, чынында, бул башкаруунун өзөгү советтик мезгилдегидей эле бойдон калганын көрүп таң калдык. Бизде авторитаризмдин жана демократиялык  ураандардын  аралашмасы пайда болуп, авторитаризм ал аралашманын артында сакталган бойдон калды.

Биз бул жылдардын ичинде эмнени үйрөндүк? Биз демөөрчүлөр  үчүн кооз калп көрсөтмөлөрдү уюштурганды үйрөндүк. «Силер өзгөрдүңөрбү? – Ооба, биз өзгөрдүк», «Силер өз алдынча башкарууну киргиздиңерби? – Ооба, киргиздик», «Аймакташтырууну жүргүздүңөрбү? – Жүргүздүк». Баары эле дурустай, бирок, эмнеге анда кырдаалыбыз ушунчалык начар  болууда?

Менимче, биз бул өзгөрүүлөрдүн мазмунун калыптандырып, андан соң кандайдыр бир реформаларды ишке ашыргандан кийин туура келе турган калыпты  мазмунга дал келтирүүнүн ордуна, биз жөн гана сырткы калыпка  азгырылып кеттик окшойт.

Коңшу Кытайды карап көрсөңөр. Кытай, Советтер Биримдигинен  айырмаланып, кандайдыр бир деңгээлде өзгөрө алды, жаманбы-жакшыбы, бирок, калып  менен мазмунду айкалыштыра алды, бул системадагы мыкты нерселерди калтырып, өнүгүүгө жардам бере турган жаңылыктарды киргизди. Кытай – Кыргызстан үлгү ала турган идеалдуу өлкө эмес экени түшүнүктүү. Бирок, ошентсе да, алар баштай алган жараяндар, жана бул жараяндардын ийгилиги, биз азыраак талкалап, көбүрөөк курушубуз үчүн ал жерден бир нерселерди алсак болмок  дегенге негиз берет.

Аймакташтыруу жөнүндө сөз кылып жатып биз бир нерсе жөнүндө унутуп жатабыз. Башкарууну аймакташтырып жатып, чечимдерди кабылдоо жараянын бөлүштүрүп жатып, мамлекеттин бүтүндөй башкаруучулугун жана аймактардын борбордон башкарылуусун жоготуп албашыбыз керек, бирок бизде дал ушундай болду. Биз жөн гана жогорудан башкаруу эмес, Шерадил айткандай, мазмундуу чөлмөккө  ээ болушубуз керек экенин унуткарып жатабыз: бийлик эл үчүн, эл элдик бийликтин негизи. Бул нерсе биздин мамлекет үчүн кандай кесепетин тийгизгенин көрүп жатабыз.

Мындан чыгуунун кандай жолу бар? Менин турумум – саясий жараяндардан тышкары чыгышыбыз керек. Мен азыркы бийликти мактап жаткан жерим жок, мен болгону абалды сүрөттөп жатам: азыркы бийлик, мурункулардай эле, өзүн өзү сактап калуу инстинктинин негизинде бул коркунучтар жана тобокелдиктер менен күрөшүүдө. Акимдик-аймактык өлкө түзүлүшүн, учурдагы коркунучтарга туура келген жана жүрүп жаткан аймактык өнүгүүнү талкуулоо жараяны мурунку өкмөттөр жана президенттер тарабынан эле баштатылган. Менин айтайын дегеним, биринчиден, бүгүнкү күнгө чейин бул өзгөртүүлөрдөн алгылыктуу майнап чыга элек.

Экинчиден, бул тик сызыкты, ал боюнча кыймыл динамикасын сактоону азыркы бийлик улантып келе жатат. Учурдагы бийлик бул жараяндар менен иштөө керек экенин, башкарууну жоготуу, аймактык өнүгүү маселелерин чечпей калтыруу мамлекеттин кыйрашына алып келээрин аңдап  турат. Бийликтин муну түшүнгөнү, ар кандай саясий фигуралардын алмашканына карабастан, бул маселе үстүндө иштеп жатканы — жакшы көрүнүш.

Эмне кылыш керек, бул иш мурдагыдан айырмаланып турабы?

Мен азыркы бийлик мурунку бийликке караганда алда канча катаал  абалга кириптер болуп турат  деп айта алам. Азыркы бийликте  убакыт кыйла аз, ал азыр цейтнот абалына кабылган. Бул кырдаал азыркы бийлик кабыл алууга далаалат кылып жаткан чечимдердин динамикасын аныктап турат . Бул — жакшы.

Бирок, эмнеси жаман? Жаман жагы – тилекке каршы, бийлик азырынча мындай маселелерди тез чечүүгө жана бул реформалардын ийгилигин аныктай турган бардык жараяндарды тез басып өтүүгө багытталган таасирдүү механизмдерге ээ эмес. Андыктан, буга чейин эмнелер кылынып келсе ошол нерселерди эле кайталаганга аракет кылып жатышат, б.а., бийлик формалдуу программаларды түзүп, мурда деле  ийгиликке алып келбеген жолго түшүүдө, жана бул көрүнүшкө кереги жок өндүрүм чыгаруу ниети себепкер эмес, болгону өндүрүм чыгаруунун башка куралдары азыр жок. Стратегиялык документтерди өндүрүү системасы анчалык өзгөргөн жок.

Мен жана бул жерде катышып отурган Жалалбек Балтагулов экөөбүз Аймактарды өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрүбүз. Башында стратегия иштеп чыкканга аракет кылышкан, кийин оболу концептуалдык маселелерди чечүү абзел экенине ишендирдик: аймактарды өнүктүрүү деген эмне, аймактарды өнүктүрүү стратегиясы деген эмне, ал жерде мамлекеттик саясат кандай болушу керек. Анан гана ушундай концепциялардан бир катар стратегиялык документтерди: аймактык өнүгүү стратегиясын, тармактык стратегияларды, жер-жердеги  стратегияларды комплекстүү иштеп чыгуу керек.

Биз бул маселенин үстүндө көп жылдан бери иштеп келгендиктен, кооз жазылган бир документ менен маселени чечүү мүмкүн эмес экенин, бул комплекстүү жараян болушу зарыл экенин түшүнөбүз.

Менин билишимче, бул сунуш менен премьер-министрге киришкен, мындай мамиленин тууралыгын далилдешкен, жана натыйжада жараян ушул багытта бараткансыйт. Бул документтин иштелип чыгышы канчалык ийгиликтүү болот, аны убакыт көрсөтөт, мен мындай божомолдордо – өзгөчө этият кишимин .

Жогорудагыларды жыйынтыктап, даяр рецепт жок экенин айта алам. Биздин эксперттик уюмубузда сырттан келген эксперт-кеңешчилер жөнүндө мындай сөз бар болчу: «Кандайдыр бир адашкан чет өлкөлүк келип, баарыбыз үчүн бир Библия жазып берет, биз ал боюнча жашайбыз деп үмүттөнүүдөн майнап чыкпайт». Кыргызстан эмне кылышы керек экенин өзүбүздөн башка бул планетада эч ким дурус билбейт деп жоопкерчилик менен айта алам. Биз өзүбүз гана жеңди түрүп, биргелешип аракет кылып өзүбүздүн бардык маселелерибизди чече алабыз, калганы болсо туура пайдаланылышы керек болгон ресурс гана.

Нургуль Акимова: Менин суроом Шерадил Балтагуловго багытталат. Сиз айтпадыңызбы, жарандар өлкөгө тиешелүүлүгүн сезишет, бирок, жарандыгын сезишпейт деп. Мен, салык төлөгөн жаран катары, мындай суроо бергим келет: иштелип жаткан концепциялар жана программалар өлкөнүн жарандарынын талаптарына жооп береби? Анткени, жарандык деген мамлекет тарабынан белгилүү бир милдеттердин аткарылышын талап кылууну туюндурат эмеспи. Программалар жана концепциялар өлкөнүн тургунунун сапаттуу тейлөө кызматын көрүшүнө шарт түзүп береби?

Шерадил Бактыгулов: Чынында бир канча категорияны бөлүп кароо зарыл. Биринчиден, жарандуулук жөнүндө сөз болуп жатканда, биринчи кезекте, жарандын кайсы бир өлкө таандыктыгы тууралуу эмес, жарандардын коомдук башкарууга катышуусу  жөнүндө сөз болот.

Биздин өлкөдө учурда Орусия  Федерациясынын жарандыгын алган адамдардын саны өтө арбын. Жарандуулук негизинен туулган жери же паспорту менен эмес, коомдук иштердеги чыныгы катышуусу  менен аныкталат.

Эми концепцияларга өтөлү. Концепциялар жана стратегиялар – мамлекеттин кайсы бир чөйрөдө кандайдыр бир саясатты жүргүзүү милдеттенмеси. Мисалы, азыр иштелип жаткан Аймактык өнүгүү концепциясын алалы. Бул саясий документ – мамлекеттин кандайдыр бир багыттарда иштөөгө жана каржылык ресурстарга ылайык белгилүү бир нерселерди кылууга болгон ниети. Бул  Кыргыз Республикасынын жерде шайлоого укуктуу жарандарынын ролу кандай? Конституцияда бул рол бекитилгенби? Бекитилген. Бирок сизде Жогорку Кеңештин, райондук кеңештин депутатын кайра чакырып алуу мүмкүнчүлүгүңүз барбы? Жок. Мындай процедуранын өзү жок. Андан ары кантип тандаш керек? Укук баарында бар, бирок, бул укукту жер жерлерде ишке ашыруу процедуралары, механизмдери жок.

Бул жаатта көп нерсе айтса болот. Мен дал ошол айырмачылыкты түшүндүргөнгө аракет кылайын: өлкөнүн тургуну болуу жана жаран болуу. Жаран – бул жөн гана тургун эмес, бул андан жогорураак категория, б.а., адам жөн гана жашабайт, ал мамлекеттин коомдук иштерине жигердүү катышат. Сизде мындай мүмкүнчүлүк эгер жок болсо, сиз анда шайлоолордо өзүнүн добуш берүү укугун ишке ашырган тургун ганасыз. Мына айырма дал ушунда.

Жолдош Асибалиев:  Бийликтин тик сызыгы жөнүндө көп айтышат. Биз азыр бул тик сызык кыйрап жаткан баскычта жүргөндөй пикир жаралгансыйт. Буга байланыштуу менин суроом: бийликтин кубаттуу  тик сызыгы эмне үчүн керек? Мунун калкка пайдасы тиеби же жокпу?

Экинчи суроо. Сиз бийликтин тик сызыгын төмөндөн жогору карай жана жогорудан төмөн карай жылдырыш үчүн кери  байланыш керек деп жатасыз. Белгилүү бир муниципалитеттин аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринин өзүнүн 22 милдети бар, ага кошумча 18 мамлекеттик ыйгарым укугу бар. Менимче, алар кылчу иш көп. Билим берүү жана мугалимдердин маянасы – бул мамлекеттин милдети, бирок аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелерине «жүктөп » коюшту. Сиз болсо бийликтин  тик сызыгын дааналап кургуңуз келип турат.

Үчүнчү суроо. Бийликтин даана  тик сызыгы башталган жерде демократия бүтөт деп ойлобойсузбу? «Бийликтин тик сызыгы» деген айтым «тоталитаризм», «авторитаризм», «диктат» деген терминдер менен үндөшүп кетет.

Ошондой эле, мындан мурунку суроого комментарий берип кетким келет. Аймакташтыруу түпкү максат катары каралып, тик сызык кыйратылган деген сыяктуу ойлор айтылбадыбы. 2001-жылы Кара-Балта шаарынын бюджетинин 93 пайызы билим берүүнү каржылоого каралган. Калктын 98 пайызы муниципалитеттердин аймагында жашайт, жергиликтүү бюджеттерде жолдорду оңдоо үчүн, жарык менен камсыздоо үчүн ж.б.у.с. керектөөлөр үчүн эч каражат жок болчу. Аймакташтыруу шаарларда, айылдарда анча-мынча акча пайда болушу үчүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринин бул 22 милдети ишке ашырылышы үчүн  керек болчу.

Экинчиси. 2010-жылы жергиликтүү бюджеттер өздөрүнүн бардык каражаттарынын эки же үч пайызын экономикалык өнүгүүгө каржылаган, 2011-жылы – 1,8 пайызын жумшаган. «Биз эмнеге өнүкпөйбүз, эмнеге баары ойдогудай эмес?» деген суроонун жообу мына ушунда.

Биз бюджетин бир жылга пландаган жана бекиткен дүйнөдөгү жалгыз өлкөбүз. Бизде узак мөөнөттүү өнүгүү программасы эч качан болгон эмес. Бүгүн каралап жаткан аймакташтыруу кандайдыр бир алкактарды белгилеген мына ушундай узак мөөнөттүү программалардын бири болчу. Жакында иштелип чыккан өнүгүүнүн узак мөөнөттүү программасы эч нерсеге арзыбайт.

Бизде система толугу менен туура эмес курулган, жана бийликтин таасын  тик сызыгы бүгүн куткара албай жатат деп эсептебейсизби?

Алексей Красин: Суроолор бүгүн өлкө турган абалга жараша болуп жатат. 20 жылдан бери уланып келе жаткан өлкөнүн өзгөрүүсүнүн мезгилинде жөн гана мамлекетти башкаруу системасы кыйратылбастан, тилекке каршы, жаңы, толук жарамдуу  система да азырынча курула элек жана ал кандай болуш керек деген бүтүн түшүнүк да калыптана элек. Андыктан, суроолор абдан туура берилип жатат.

Дароо эле айта кетейин, мен авторитардык башкаруу системасынын курулай жактоочусу эмесмин, бирок, мен башкаруу боюнча технологмун, андыктан мен так түшүнүп турам, эгер мен үстүндө болсом, анда астында мага баш ийген бирөө бар, бул биринчиден. Экинчиден, эгер мен мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жооптуу болсом, коом менен макулдашылган мамлекеттик саясат бар. Үчүнчүдөн, мен бул мамлекеттик саясат эң төмөнкү катмар тарабынан эч бурмалоосуз  аткарылып жатат деп ишенишим керек.

Анан. Мен калк бул мамлекеттик саясат тууралуу эмне деп ойлоп жатканын билишим керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул төмөн жактагынын баары деп айтуу туура эмес. Аз гана учурларды эсепке албаганда, негизинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу – бул дотациялык субъекттер, жана биз эмне дебейли, ал жерде эч кандай өз алдынча башкаруу деген нерсе жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү коомчулук жана жергиликтүү бюджет кем-карчы болбогон учурда болот, ошондо алар бул аймакты башкаруу тобокелчилигин өзүнө алышат жана бул үчүн керектүү ресурстарга ээ болушат. Жооп берсеңиз, ушундай өз алдынча башкаруулар мамлекетибизде көппү?

Жолдош Асибалиев: Биздин мамлекетте 459 айылдык аймактын ичинен 393ү дотацияда – бул 83 пайызды түзөт.

Алексей Красин: Мен, бул өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча адистердин бири катары, жоопкерчилик менен муну айта алам: жергиликтүү өз алдынча башкаруу дээрлик толугу менен республикалык бюджеттин каналдарынан көз каранды болгон шартта, жергиликтүү өз алдынча башкаруу болушу мүмкүн эмес. Баарын республикалык бюджет жана мамлекеттик башкаруу системасынын ичиндеги мамилелер чечет, андыктан, эч кандай жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө сөз кылуу мүмкүн эмес. Депутаттар да түшүнүп турат: алар кандай чечим кабыл албасын, эгер борбор каражат бөлсө – алар жашашат, эгер бөлбөсө, алар борборго каршы бир нерсе айтса дагы, алар каражатты толугу менен Каржы министрлиги аркылуу, кайра эле ушул каналдар аркылуу ала алышат.  

Ушул себептен улам, жергиликтүү өз алдынча башкаруу азырынча бардык жерде өкүм сүрбөй келет, шарттуу түрдө айтканда, аталган 17 пайызда гана ишке ашууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун эң күчтүү субъекти болгон  Бишкек шаары жөнүндө да ушуну эле айтса болот. Биз Жалалбек Балтагуловдун семинарына чогулганыбызда, Бишкектин биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов ал жакка акча сураганы барыптыр, анткени, шаардыктар талап кылган милдеттерди аткаруу үчүн Бишкекке да каражат жетпей турат.

Андыктан, бийликтин эч кандай тик сызыгы болбош керек, бизде бардыгы өз алдынча башкарылат деп айтууга али эрте. Балким бул өлкөнүн келечегинде болор, балким дегеле болбостур, муну талкуулаш керек.

Бийликтин тик сызыгы тууралуу сөз кылып жатканда, мен нацисттик Германиядагыдай, Советтер Биримдигиндегидей, өз бийлигин бардык тарапка жеткизген деңгээлдеги кери  байланыш куруп, анын негизинде эң төмөн жакта да эмне болуп жатканын билген Сапа Инке бийлеген Инктер дөөлөтүндөгүдөй  баары авторитардык бийликке сиңирилиши керек деген ойду карманбайм, мен мындай системанын курулай жактоочусу эмесмин, бирок, мен мамлекеттин белгилүү бир мамлекеттик саясаты үчүн болгон жоопкерчилиги конституция тарабынан бекитилгенин, ал жерде так көрсөтүлгөнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелеринин жоопкерчилик чөйрөсү да  аныкталып белгиленгенин так билем. 

Мамлекеттин милдеттеринин ишке ашырылышы үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктарын аткаруучу так машина болушу шарт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жөндөмдүүлүгү болушу шарт. Биз азыр бул нерселердин чегинде эмнелер жатканы жөнүндө кеп кылып жатабыз.

Аймактар бар, борбор бар – бул биздин тегерек столдун темасынын алкагында турат, ал эми борбор менен аймактардын ортосундагы бийликтин тик сызыгычы? Биз көйгөйлөр көп деп жатабыз. Биринчи кезекте, мамлекеттик бийлик – жергиликтүү бийлик үлгү ала турган нерсе. Эгер мамлекеттик бийликте тартип жана жигердүү башкаруу жөндөмдүүлүгү болбосо, анда жергиликтүү деңгээлде да алар болбойт, менимче, бул учурлар баарына түшүнүктүү. Ошентип, биз бул кырдаалдан кантип чыгыш керек экенин талкуулап отурабыз.

Жалалбек Балтагулов: Шерадил, менин билишимче, сиз акимдик-аймактык реформанын концепциясын иштеп чыгуу тобунда болчусуз, ошол жерде бийликтин тик сызыгына байланыштуу маселе болуп, акимдик-аймактык башкаруу болуш керек деп айтылган. Мүмкүн болсо ушул жөнүндө айтып бербейсизби?

Шерадил Бактыгулов: Алексей Борисович мен да пикир айтайын деген көптөгөн тезистерди белгилеп өттү. Бирок мен кошумчалап кетейин. Сөз кери  байланыш жөнүндө эмес, жогорудан төмөн карай баш ийүү сызыгы жөнүндө болгон. Булар – бири-биринен айырмалуу  нерселер, бизде мындай нерселер жок.

Кери  байланыш деген эмне? Бул муну түшүндүрөт, эгер бир нерсе жөнүндө айтсаң, ага (төмөнтөдөн) жооп аласың. Мындай система жакшы жана ал иштейт. Бирок мен өз сөзүмдө, эгер уккан болсоңор, сөз жогорудан төмөн карай эсеп берүү жөнүндө болду. Мындай элементтер бизде бар. Мисалы, азыр президенттин, премьер-министрдин, министрлердин, парламенттин депутаттарынын элдик курултайдын алдында баяндама  берүү маселесин  көтөрүп жатышат. Башкача айтканда, мындай кыймылдар бизде бар жана улам жаңысы келип чыгууда .  Анын үстүнө, башка өлкөлөрдө да мындай нерселер бар. Мына ушул жерде өз ара ашталган  жер бар. Мына сиздер айтып жатасыздар: «Бийликтин тик сызыгы башталган жерде демократия бүтөт», — бул жөнөкөйлөштүрүлгөн,  авторитардык мамлекеттер үчүн туура келчү  көз караш. Бирок дүйнөдө тизгиндеп кармап туруучу жана тең салмакты сактоочу система бар. Мына ушул система демократияны жана бийлик тик сызыгын ашташкан жерлеринде тең салмакта кармап турат. Ошол эле учурда бул жерде жогорудан төмөнгө карай баяндама  берүү сызыгы болуш керек жана иштеш керек. Дал ушул тууралуу айтуу абзел. 

Маселе — биздин демократия эмне экенин билбегенибизде. Эгер биз каалаган жараныбызга демократия эмне деп сурасак, ал “бул — элдин бийлиги” деп жооп берет. Андан кийин эмне? Тагыраак айтанда, биз мунун жөнөкөй эле котормо экенин көрөбүз: «демос» — эл, «кратос» — бийлик, мына ушу менен бүтөт. Ал эми демократиянын иштеп турушунун мехнизмдери жана принциптери кандай? Бул жерге келгенде бизде көйгөй талаасы  башталат. Бирок, менин оюмча, бул башка семинардын темасы.

Акимдик-аймактык реформа жөнүндө айта турган болсом, мен бул ишке жумушчу топтун  мүчөсү катары аралашкан эмесмин . Бирок, албетте, менден кеңеш сурап турушту. Кыргызстандын аймактык бөлүнүшүн реформалоо жөнүндө сөз кылганыбызда мындай реформалардын бизде акыркы 100 жылда 1917-жылдан болбосо да, Орусия  империясынын курамына кирген күндөн баштап (Түркстан облусунун курамында түндүк жана түштүк аймактары жана башкалар) дайыма орун алып  келгенин эстен чыгарбашыбыз керек. 1917-жылдан баштап мындай реформалар, согуш мезгилин да, согуштан кийинки мезгилди да камтуу менен, дайыма  үч-беш жыл аралыгында  жүргүзүлүп келди. Бизде жалгыз  облус да болду, эки, үч, беш, жети облус да болду.  

Бирок бул жерде акимдик  түзүлүш башкарууга оңой болушу өңүтүнөн түзүлгөнүн билишибиз зарыл. Мисалы, Советтер Биримдигинин  өкмөтүнүн  «жер-жерлерде коммунисттик партиянын райондук комитеттери түзүлсүн» деген токтому чыккан. Кайсы жерлерде, кандай аймактык бирикмеде түзүш керек? Бизде ошол мезгилде да, азыркы учурда да көптөгөн райондор ошол мезгилде түзүлгөн машина-трактордук станциялардын иш-аракет аймагы болуп эсептелет.

Эгер карап көрсөк, Кыргызстанда ошол мезгилде көчмөн болуп жашашкан, элдин басымдуу бөлүгү жарым көчмөн болгон, албетте, тийешелүү  отурукташкан эл да болгон. Сөз кантип бардыгын иш жүзүнө аша баштаган коммунизмди куруунун стратегиялык жараянына тартууда болгон. 1980-жылы коммунизм курулуп бүтүшү керек болчу.

Мен муну бул жакшы же жаман деш үчүн эмес, калайык  барууга аракет кылып, акырындан ишке ашырган стратегиялык максат болгону үчүн айтып жатам. Кантип ишке ашырышты – бул башка маселе. Иштин өзөгү мында, райондоштуруунун бул ыкмасы мындан да чоң аймактык бирдиктер алмашса да, мисалы бир эле Ош облусу бар болчу, өзгөрбөй келүүдө. Бирок ошентсе да райондоштуруу дагы эле башкаруу жеңилдиги же республиканын ичиндеги анча чоң эмес аймактарды натыйжалуураак башкаруу мүдөөсүнө ылайык  жүргөн. Советтер Биримдиги жашап турганда мындай бөлүү идеалдуу түрдө жооп берген. Бир, эки, беш же жети облус болгонуна карабастан ошол эле райондор кала берген. 

Райондор жаатына кайрылганыбызда, мен муну кошумчалагым келет. Бишкекте 4 район бар. Шаардын  акимдери мэрияда маанилүү роль ойношпойт, себеби алар мэр тарабынан дайындалбайт.  

Эгер биз мындан ары да бийлик тик сызыгынын керектиги жөнүндө сөз кыла берсек, сиздер билесиздерби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу мекемелери бар. Бирок, ал тургай биз азыр жетүүгө аракет кылган эң идеалдуу коом курулган күндө да, жер-жерлерде андагы жергиликтүү бийлик тарабынан чечилиши мүмкүн болбогон иштер да бар.

Ошол эле учурда борбордук бийлик тарабынан кандай иштер чечилиши мүмкүн? Бул үчүн кайсы бир милдеттер борборго, кайсы бирлери — жергиликтүү башкарууга берилиши керек. Ошону менен бирге алдыбызда турган маселелер, мисалы, коргонуу, же кылмыштуулук, улуттук коопсуздукту, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо сыяктуулар да бар эмеспи. Мына ушулар эмне үчүн бийликтин тик сызыгы бар экенин көргөзөт. Каражаттарды кайра бөлүштүрүү бар. Мисалы Бишкектен көп каражатты тартып алышат да, дотацияда отурган райондорго беришет. Бул — татаал система.

Жалалбек Балтагулов: Өкмөттүн тапшырмасы менен атайын топ даярдаган концепция аймактык башкарууга негизделген. Эгер сиз кеңеш берген болсоңуз, кеңешиңиз тууралуу конкреттүү айта аласызбы? Башкача айтканда, бул суроо Жолдош берген суроого, бийликтин тик сызыгына байланыштуу суроо. Төрт баскычтуу  башкарууга зарылчылык  барбы, же ал аймактык башкаруу болушу керекпи? Менин түшүнүгүм боюнча аймактык башкаруу болушу керек.

Экинчи суроо мына буга байланыштуу. Сиз бийликтин тик сызыгына байланыштуу белгилүү тобокелчиликтерди, коркунучтарды камтыган структуралык жана манипуляциялык  мамлиелер жөнүндө сөз кылдыңыз.

Мына ушуга байланыштуу сизден концепцияда эмне жазылганы жөнүндө  уккум келет. Билишимче, парламент али бул концепцияны кабыл ала элек жана ратификация кыла элек. Ал жерде алдын-ала сунушталган жазылган баскычтарды  кандайча  түшүнөсүз? Мына ушуга байланыштуу сиз башкача нерсе сунуштайсызбы, же бул концепцияда жазылгандарга кошуласызбы? 

Шерадил Бактыгулов: Ооба, чындыгында, мен жергиликтүү аймакка чидерленбеген  башкаруунун жактоочусумун, бирок мен Акимдик-аймактык реформанын концепциясын түзүүгө катышкан жокмун. аймактан тыш  башкаруу — башкаруунун аталган төрт деңгээлин жокко чыгарууну жактайт.  

Биз эки баскычтуу бюджетти киргизүү боюнча Каржы министрлиги үчүн даярдалган сунуштарды даярдоого катышканбыз. Ошондо биздин топ ыраматылык Сергей Слепченкодон, мурдагы каржы министри Таалайбек Койчумановдон жана менден турган.   

Эки баскычтуу бюджеттин алкагында бизде дайыма Бишкек шаары, каржы министрлиги иштеген. Андан кийин «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынгандан кийин бул системага Ош шаары да кошулду.  Үч баскычтуу бюджеттин алкагында бизде дайыма облустук деңгээл иштеген. Башкача айтканда бул системанын баардыгы бар болчу.

2002-2004-жылдары биз жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелеринин жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын функционалдык анализин жүргүздүк. Бул изилдөөлөрдүн баардыгы дагы бир жолу Кыргызстандын шартында башкаруунун төрт деңгээли анчейин  натыйжалуу эмес экенин көргөздү.

Жалалбек Балтагулов: Менин биздин өлкө боюнча конкреттүү суроом бар. Азыркы учурда биздин өлкөдө аймактык башкаруу канчалык даражада мүмкүн?

Шерадил Бактыгулов: Бүгүн мүмкүн эмес.

Жалалбек Балтагулов: Сөз мына дал ушунда. Маселе ушунда. Ошондуктан өкмөттүн акимдик-аймактык реформанын концепциясын кабыл алуу аркылуу  компромисске келиши —   өлкөбүздөгү абалдын баасы.

Алексей Красин: Эгер мүмкүн болсо, мен бул маселеге саал  кошумчалайын. Мен негизинен биздин өлкөнүн өзгөчөлүгүн эске алуу менен аралаш мамилени колдойм. Менин көз карашымда, бардык аймактарга бирдей мамиле кылуу мүмкүн эместей.

Көңүл буруңуздар. Азыркы тапта КРнын жаңы аскердик доктринасы иштелип жатат. Мени да кеңеш сурап чакырышты. Мен окудум, карап чыктым. Азырынча бул документ эгер буйрук берилсе өлкөнү коргойбуз деген көз карашта жазылып жатат. Бирок мына бул талашсыз нерсе эмес, себеби, өлкөнү коргош үчүн аскердик күчтөн башка да чек арадагы калк өз журтунан качпастан, көкүрөгү менен коргоого даяр болгондой бекем, бирдиктүү аймак да керек.

Биз азыр тынчтык мезгилде да чек арага жакын аймактардын, өзгөчө, түштүктөгү аймактардын ээн калып бара жатканын, ал жерлерге кошуналарыбыздын кирип жатканын жана акырындан ээ болуп жатышканын көрүп жатабыз. Ал эми бул жараян, 2010-жыл көргөзгөндөй, биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө чындап коркунуч туудурат. Ошондуктан кандайдыр-бир бирдиктүү мамиленин, аймактан тыш же кандайдыр-бир башка багыттын жардамы менен аймактардын өнүгүүсүнүн бардык маселелерин чечип коюуу мүмкүн деп айтуу, менимче, ишеним туудурбайт.

Ар түрдүү аймактарда ар түрдүү мамилелерди колдонуу керек. Менин көз карашымда, чек арадагы аймактар үчүн өзгөчө башкаруу ыкмасы – катаалыраак, катуураак мамлекеттик башкаруу керек. Ошол эле мезгилде күчтүү жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу да зарыл. Мындан башка ал жерде жашаган адамдарды башка жерге качпастан өз жеринде калууга кызыкдар кылыш үчүн белгилүү жеңилдиктерди бериш керек. Кандайдыр бир аймактагы тоолуу райондордун өзгөчөлүгү бар, ошондуктан ал жерге адамдар кичинекей жер тилкесинин эсебинен жашап, жер иштетүү басымдуу болгон районго караганда башкачараак мамиле зарыл. Тоолордо, мисалы, Нарында кургакчылык болгондо тоолордо чөп чыкпай жылаңачтанып  кетет, мал кыргынга учуратылат. Мындада калк  эмне кылат, кандай жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Баардыгыбыз кыш каатчыл  болгон бул жылдын жазын жакшы билебиз го дейм? Тоют боюнча кандай маселе жаралды. Муну эмне кылыш керек? Бул кимдин жоопкерчилигинде? Бул маселелерди чечүү үстүндө, болгондо да, ыкчам түрдө, күн сайын, жылдан жылга тажрыйба алуу менен чечүүнү мамлекет жүзөгө ашырышы керек. Ошол эле мезгилде жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну да керектүү деңгээлде даярдашы зарыл.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жергиликтүү коомчулукту башкарган эки-үч акылдуу аксакалдын эсебинен жашай албайт. Ал эми бизде салттуу түрдө, Советтер Биримдигинен  бери, ал эми азыр бул абал дагы да тереңдеди, кыш жыл сайын күтүлбөстөн кирет. Бардыгы башкаруу – бул аскердик кыймыл-аракеттер деп айта башташат, «биз кечиктирбестен кум сатып алып, муздарга чача баштайбыз», «биз жазында үзүмчүлүк маалда чөп сатып алып, элге тарата баштайбыз». Кандайдыр бир согуш жүрүп жатабы? Болгондо да биз менен кеңешип койбостон салык төлөөчүлөрдүн эсебинен жүргүзүлөт. Мен түшүнөм, дыйкандарды колдоо керек, бирок биз айрым жерлердеги «Эмнеге аларга чөп таратышат, ал эми биз өзүбүз жыйнашыбыз керек?» деген нааразычылыктарды да билебиз. Мамлекеттик саясат каякта? Биз бийлик тик сызыгы жөнүндө сөз кылганда мына ушуну айтып жатабыз.

Нургуль Акимова: Эгер билим берүү менен саламаттыкты сактоону, дотациялык салымдарды, мамлекеттик каражаттарды эсепке албаганда каражаттардын адилеттүү бөлүштүрүлүшү кантип камсыздалып жатат? Сураныч, адилеттүү бөлүштүрүүнүн механизмдерин айтып бериңизчи.

Жолдошбек Асибалиев: Адилеттүү бөлүштүрүү боюнча. Мен мамлекеттик 18 милдеттин бар экенин айтып өттүм. Булар бүгүн айтылып өткөн коопсуздук, коргонуу, социалдык камсыздоо жана башка нерселер. Бул маселелердин аткарылышы жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга жүктөлүп коюлган, бирок ошол эле учурда бир дагы тыйын бөлүнгөн эмес.   Башкача айтканда, мен бир сом берем да: «200 кишиге азык-түлүк сатып алгыла, кечинде конок келет» деп айтам.  Сиз муну жасай албайсыз. Аймактарда так ушундай абал, адилеттүүлүк жөнүндө сөз да жок. Бул — биринчиси.

Экинчиси. Сиздин коргонуу жана социалдык камсыздандыруу боюнча сурооңузга байланыштуу. Бул эки министрликке жыл сайын аскерге чакыруу жана жайгаштыруу үчүн каражат бөлүнөт. Бирок бул акча кандайдыр бир жол менен Коргонуу министрлигинде жок болуп кетет да, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелерине жетпей калат.

Мен суроо бердим: бийликтин тик сызыгын чыңдоодон калк үчүн жакшы болобу же жаман болобу? Жоопту өзүм бергенге туура келет. Эл үчүн жакшы болбойт, себеби эки башка нерсе бар: биздин Конституцияда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу – бул жергиликтүү коомчулуктун жергиликтүү маанидеги маселелерди  чечүүгө болгон укугу жана мүмкүнчүлүгү деп жазылган.

Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу өзүнүн милдетин аткарып жатат. Ага бийлик тик сызыгынын кереги жок. Эгер мамлекеттик саясаттын төмөн жакка жетишин каалашса  муну жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу аркылуу эмес, мамлекеттик бийлик органдары аркылуу ишке ашыруулары керек. Эки нерсени аралаштырбаш керек: борбордо отуруп алып эле эл үчүн жакшы натыйжа бере турган саясатты жүргүзүшү керек болгон мамлекеттик бийлик бар.

Мына сиз адилеттүү бөлүштүрүү барбы деп сурадыңыз. Адилеттүүлүк республикалык бюджет кабыл алынып жаткан учурда бүтөт. Белгилей кетчү нерсе, биз калайык  үчүн бюджет кабыл албаган дүйнөдөгү жалгыз мамлекетпиз. Республикалык бюджет кабыл алынат. Ал эми мыйзам боюнча республикалык бюджет – бул мамлекеттик бийлик органдарынын бюджети.  Адилеттүүлүк министрликтерде, бюджет бекитилип жатканда жок болот. Элге жетсин деп каражат бөлүнөт, бирок бөлүнгөн каражат элдин колуна жетпейт.

Алексей Красин: Кичине комментарий айтайын. Менимче, кесиптешим мамлекетте неге бийликтин түз сызыгы керектиги тууралуу өтө так аныктады. Мамлекеттик багытта бийликтин тик сызыгы  төмөнкүлөргө да жетиш үчүн керек. Азыр жетпей эле жатпайбы. Бирок эч ким бийликтин тик сызыгы жергиликтүү өзүн-өзү башкарууда болуш керек деп айткан жок  – бул нонсенс, анткени бул — бийликтин башка түрү.

Жалалбек Балтагулов: Борбордук башкаруу жергиликтүү өзүн-өзү башкарууну чечимдерди  аткарышы үчүн мажбурлашы  керек.

Нургуль Акимова: Башкача айтканда,  жаран катары кандайдыр бир төлөмдөрдү төлөп жатамбы же жокпу принцип боюнча мен үчүн мамлекеттин кереги жок турбайбы?

Алексей Красин: Мамлекет – бул жарандардын үстүнөн зомбулук  кылуунун элементи, мамлекеттин өзүнүн болушу – бул жаман нерсе. Бирок мамлекетсиз андан да жаман. Бул — заманбап коомдо адамдын жашоосунун  нонсенси.

Айнура Мадраимова: Ооба, бийликтин тик сызыгы мүмкүн кереги жоктур, бирок чындыгында ал керек. Бирок, Жолдош Асибаев туура белгилеп өткөндөй, эгер ал өзүнүн милдеттерин жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга тапшырса, анда аймактарда аталган милдеттерди аткарышы үчүн каражат да бериши керек. Ошондо, чындыгында, «бийлик тик сызыгынын болушу» чындыкка жакын угулат. Ал эми иш жүзүндө биз муну көрөбүз: айыл өкмөттөрү, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мекемелери мамлекеттик органдардын  кызматкерлери аткарган милдеттер менен алектенишет. Натыйжада өзүнүн түздөн-түз милдеттерин аткарууга – жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө колдору жетпейт.

Алексей Красин: Эгер мүмкүн болсо, милдеттерди өткөрүп берүү боюнча комментарий. Чындыгында, мамлекеттик бийликтин толук эмес тик сызыгынын шартында милдеттерди өткөрүп берүү эмес, акча бербей туруп аткарууга зордогон милдеттердин жөнөкөй түртө салынышы орун алат . Толук жарамдуу тик сызык – бул качан акылдуу башкаруу аркылуу мамлекеттик милдеттерди жана аны аткарууга кете турган каражатты сарамжалдуу колдонуу мүмкүн болгон учур.  Азыркы учурда милдетти өткөрүп берүү деп аталгандар – апыртылган нерсе. Жөн гана тапшырма берилет, анысы аз келгенсип аткарылышы үчүн жоопкер кылышат. Бюджет менен бекемделбейт. Бул болсо бийликтин толук жарамдуу  тик сызыгынын жок экенин көргөзүп жатат. Демек, жөнөп кеткен менен кайтып келгендин ортосунда маңызга ээ чөлмөк жок.

Арсен Жуманов: Красин мырза, каржылык борбордошууну жок кылуу, аймактар менен борбордун ортосундагы байланыш боюнча пикир алышууну улантуу максатында суроо бергим келет. Сиз өзүңүз Кыргызстандагы белгилүү жараяндарды колдоо максатында эл аралык жардамдардын берилгенин белгиледиңиз. Сиз жалгыз гана Кыргызстан жана Кыргызстандын жашоочулары өздөрү гана өздөрүнө эмне керек экенин, кайсы жакка багыт алыш керек экенин билерин, ушуга байланыштуу тышкы таасир, тышкы модель ийгиликке ээ болбой турганын белгиледиңиз, себеби биздин өзүбүздүн өзгөчөлүктөрүбүз, өзүбүздүн чындыктарыбыз жана башкалар бар деп айттыңыз.

Мына ушул көз караштан, ой жүгүртүүдөн улам өлкө ичиндеги борбор менен аймактардын арасындагы байланышка да ушундай мамиле кылуу мүмкүн. Биз борбор менен аймактардын арасындагы абалдын, жашоо деңгээлдин, бардык инфраструктуранын жана башкалардын ортосунда чоң айырмачылык бар экенин көрүүдөбүз.  Азыр, сиздин айтууңуз боюнча, бийликтин тик сызыгын куруу менен бардык буйруктар, тапшырмалар борбордон аймактарга карай кетет.

Бирок мындай кылса — аймактар өздөрүнө керектүү болгон артыкчылыктарды өздөрү аныкташса жакшы болбос бекен?

Мына ушул эле нерсе каржылык байланышка да тиешелүү. Биз көпчүлүк аймактардын дотацияда отурганын көрүүдөбүз. Өтө көрүнүктүү өрнөк – бул Нарын облусу, Баткен облусу. Алардын каржысынын өтө чоң бөлүгүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн расмий трансферттер түзөт. Башкача айтканда, алар азыр көз каранды, сиз белгилеп өткөндөй, азыр борбордон белгилүү тапшырмалар жана башкалар аябагандай көп келүүдө. Иштин маңызында, бул тапшырмалардын аталган аймактарга керектүү экени чоң күмөн туудурат. Өздөрү саясатын аныктап, өздөрү өздөрүнүн бюджетин башкарып өнүгүшү үчүн аймактарга көбүрөөк эркиндик берүү жакшы болбойбу?  

Алексей Красин: Албетте, жакшы болот. Бирок маселе мында, ким муну ишке ашырат, аймактардын өздөрүбү же кимдир-бирөө аларга өткөрүп бериши керекпи? Кайра эле булардын аркасынан мамлекеттик саясатты жүргүзүп, майдасын жасайм деп чоңун унутпашы керек болгон мамлекеттик бийликтин карааны чыгат. Качан биз борбордоштурууну, бир жерге чогултууну жоюу керектигин айтып жатканыбызда, өлкөнү башкаруу колдон чыгып кетпегендей кылышыбыз керек. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруудан башка да, муну бир канча жолу белгиледик, мамлекеттин өзүнүн чоң жоопкерчилиги бар.  

Жалпысынан, кесиптешим козгогон  маселеде көп катмар бар. Кайра эле, Нарын жана Талас облустарынын өзгөчөлүгү тууралуу айткым келбейт. Облустарга бөлүү иш жүзүндө советтик негизде  — совет экономикасынын, совет башкаруусунун парадигмасында калды. Ушуга байланыштуу облус – бул ишке ашпас кыял , чындыкка жатпаган нерсе деп айтуу мүмкүн. Иш жүзүндө облустардын ичинде көптөгөн өз алдынча аймактар бар. Ушундан улам аймактар ага ылайык бөлүнүшү керек. Ошондуктан Талас же Нарын сыяктуу аймактар болуш керек деген, менин оюмча, туура эмес.

Өз алдынчалык ал өзү болгон аймактарда болуш керек. Бул муну түшүндүрөт: Бишкекке жакын райондордун өздөрүнө ылайык экономикалык иш жүргүзүү жана башкаруу моделдери болуш керек. Мисалы, Бишкек жана ага жакын райондор бирдиктүү бир муниципалдык аймак болушу зарыл. Себеби аталган райондордун калкы кааласа-каалабаса да  шаардын экономикалык, агартуучулук, маданий жана башка бардык жараяндарына тартылган. Оштун тегерегинде өзүнө мүнөздүү өз алдынчалык бар, ошондуктан ал жерге ылайыктуу кандайдыр бир модель ойлоп табуу зарыл.

Биздин өлкө ар түрдүү, ар кыл аймактан куралганын  так аңдашыбыз керек. Тарыхый жактан ушундай калыптанган, андан эч жакка качып кутулбайбыз. Баардыгын бирдей кылууга аракеттенүү – бул жаңжал, жергиликтүү калктын жашоо каадасын талкалоо. Бул болсо өз учурунда өтө коркунучтуу. Ошондо мындайча суроо туулат: ал эми бизде, мамлекеттик башкаруу системасында мунун баарын эске алуу жөндөмдүүлүгү барбы? Жооп жөнөкөй: жок. Анда муну эмне кылыш керек? Өстүрүп чыгуу зарыл. Башка жолу жок. Ал эми сыртта Кыргызстанга жайылтып, иштетүүгө мүмкүн болгон кандайдыр-бир модель барбы? Ал жакта дагы өрнөк жок.  

Мен кандай кылышыбыз керек экенин билебиз деген жокмун. Мен өзүбүздөн башка эч ким бизди таанып билип, үйрөтө албайт деп айтып жатам. Биз мындан ары кантип жашашыбыз керек экенин башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын, өзүбүздүн тарыхты эске алуу менен өзүбүз гана иштеп чыгышыбыз керек. Ал эми биз көптөгөн жылдар бою качан сырттан донорлор келип, кеңеш берет, адистерди жиберет, алар бизге бардыгын көргөзөт, акча берет ошону менен бардыгы болот деп жүрө бердик. Бул биздин демилгебизди көптөгөн жылдар бою чидерлеп келген өтө коркунучтуу жаңылыштык болду.

Ал эми азыркы биздин отуруп талкуулап, ойлоп таап жатканыбыз – бул чыгуу жолу. Акырында биз өзүбүздүн жолубуз менен кетүүнү ылайык көрдүк, бул — жакшы көрүнүш.

Шерадил Бактыгулов: Өтө кичинекей комментарий. Иштин өзөгү мында: башка өлкөлөрдө болгон тажрыйба маселени чечүүгө боло турганын гана көргөзүп жатат. Эгер карап көрсөңүздөр, ар бир өлкөнүн өзүнө таандык маселелери бар. Мисалы, АКШ, Улуу Британия, Гармания, Норвегия жана башкалардын көйгөйлөрү.

Чыныдыгында, Алексей Борисович туура айтты. Сырттан адамдар келип, бир нерселерди көргөзсө биз адатынча аларга ишене баштайбыз. Мурун биз Москвада жайгашкан союздук мамлекеттик пландын башкаруучулук жана багыт көргөзүүчү күчүнө ишенчүбүз. Качан Советтер Биримдиги  кулап, бардык мамлекеттер эркиндик жана көз карандысыздык алганда, шартка ылайык мамлекеттик план ар түрдүү эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, кызматкерлери менен алмашты.

Башка дагы маселе бар. Келген адис  өзүнүн дүйнөгө болгон көз карашын алып жүргөнү аз келгенсип, ал өзү окуган мектептин да өкүлү . Мисалы, кейнсчилик жана монетаризм (экономикалык теориялар) агымдары бар. Эгер Дүйнөлүк банктын башына монетаристтер келсе, бардык өнүгүү программалары монетаристтердин жолу менен жүрө баштайт. Эгер бийликке кейнсчилер келсе, анда бардык программалар кейнсчилик жолу менен жүрө баштайт. Анан ушул сунуштар ар түрдүү мамлекеттерге сунушталат.

Кайра эле аталган сунуштар башка өлкөлөргө сунушталат, кайсы бир жерде бир нерсеге жетишилсе, кайсы бир жерде жок. Ушундан улам биз өзүүздүн жолубузду издешибиз керек. Бул биз кимдир-бирөөнүн катачылыгын кайталашыбыз керек экенин билдирбейт, бул биз кимдир-бирөөнүн моделин болгонун болгондой алышыбыз керек экенин билдирбейт. Бул аз келгенсип, биздин тапшырмабыздын оорчулугу Кыргызстандын ар түрдүүлүгүндө жатат.  Мисалы, баардыгы Токтогулду —  шаар тибиндеги айылды жакшы билишет. Аталган айыл Ош, Жалал-Абад облустарынын курамында болгон. Бирок айылдын жашоочулары дайыма “биз токтогулдукпуз” дейт. Жалал-Абаддык же Оштукпуз дебейт.  Мындай аймактар бизде көп.  

Ошондуктан биздин алдыбызда өтө оор маселе турат, бирок аны чечүү мүмкүн. Башка өлкөлөрдө чечишти. Эмне үчүн биз чече албайт экенбиз?

Мира Абдраимова: Суроом эки эксперттин экөөсүнө тең багытталат. Биз дайыма сүйлөп келебиз, тегерек столдорду өткөрөбүз, бул иш-чараларга жарандык активисттер келишет. Ал эми жөнөкөй элге биздин сунуштагандарыбыздын баардыгын угуу кызыктуу эмес.  Элге жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн жана бийликке болгон ишенимди кайтара турган кандайдыр-бир механизмдер барбы?

Алексей Красин: Жалпысынан алганда, башынан эле эл үчүн кандайдыр бир адаттан тыш жагдайларды эске албаганда бийлик мекемелеринде эмне болуп жатканы кызыктуу эмес. Мунун жөнөкөй бир себеби бар: калк эксперттерден айырмаланып бийликтин майда-чүйдөсүн, кылдат жактарын түшүнө бербейт. Калк үчүн бийлик – бул же жакшылык, же зыян чыккан чоң пластилин мыкчымасы.

Механизмдер — бул биздин бардыгыбыз. Жарандык коом — бул бийлик менен калктын ортосундагы буфер. Жарандык коомдун мааниси бийликке каршы болууда эле эмес, ошону менен бирге калкка анын укуктарын, жоопкерчиликтерин үйрөтүүдө, элге алар демилге көтөрө ала турганын түшүндүрүүдө жатат. Айтып коюш керек, Кыргызстанда постсоветтик аймак боюнча жарандык коомдун эң күчтүү модели түзүлдү. Ал тургай Польша менен да салыштырууга болбойт. Мына ушул механизм бар, бизге деги башка эмне керек?

Мира Абраимова: Ал азырынча чабал иштеп жатат.

Алексей Красин: Сиз эмне үчүн чабал иштеп жатасыз? Себеби биз бардыгыбыз — бул системанын компоненттерибиз да. Бийликке эле карай бербестен элге да карап коюш керек. Дайыма кыймылдап турушу керек, жарандык коомдун мааниси ушунда.

Шерадил Бактыгулов: Ушул теманын уландысы катары кошумчалайын. 2006-2008-жылдары жер-жерлерде аким, губернатор жана башкалардын бийлигинин таасири жана кадыр-баркы тууралуу кыскача сурамжылоо жүргүзүлгөн. Сурамжылоо кичи, орто жана микро ишкерчиликтин өкүлдөрү арасында жүргүзүлгөн.

Негизи, ким губернатор же аким экени эч кимди деле кызыктырбайт экен. Көбүрөөк маанилүү фигура – бул айыл өкмөтүнүн башчысы, ушуга ылайык жергиликтүү кеңештин төрагасы. Калгандарынын бардыгы кызыкчылык туудурбайт экен. Бул эл үчүн бийлик канчалык кызыкчылык туудурганын көргөзгөн ачык мисал.

Мен акыркы эки жылда Тажикстанда иштеп жатам. Башка өлкөлөргө салыштырмалуу ал жерде бийликтин кадыр-баркы жогору. Бирок андан көбүрөөк коркушат. Кыргызстанда болсо  бийликтин кадыр-баркы төмөнүрөөк, бирок андан азыраак коркушат. Анда “азыр бизге эмне жакшы?” деген  суроо туулат. Биз салыштыруу үчүн эле айтып атканыбыз  жок. Менин оюмча, элдин бийликке болгон ишенимин көтөрүү биздин милдетибиз  эмес. Бул тууралуу бийлик өзү кам көрүшү керек. Биздин милдетибиз  — кайсы-бир министрлик менен айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү арасындагы мамилени жакшырта турган жолдорду таап берүү.

Чынгыз Бексултанов: Менде партиялык курулушка байланыштуу суроо бар. Сиздерге белгилүү болгондой, 2011-жылдын 15-июнунда  «Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндөгү» мыйзам кабыл алынды. Ал жерде республикалык маанидеги шаарлардын кеңештерине партиялардан коюлган гана талапкерлер шайлана алат деп жазылган. 2012-жылдын 31-майынан баштап бул тажрыйба бардык шаарларга таралды. Саясатчылар аталган тажрыйба бардык айылдык округдарга да таралышы мүмкүн экенин айтып жатышат.

Мен мисал келтиргим  келип жатат. Депутаттардын тобу «Балдар жөнүндөгү кодекске» өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташты. Мунун негизинде жергиликтүү айылдык округдардын штаттык түзүмүнө үч бирдикти киргизүүнү каалашты: аймактык врач, аймактык милиция кызматчысы, аймактык ветеринар. Конституциянын 9- жана 53-беренелерине негизденип аракет кылып мындай бүтүм чыгарууга болот: бул милдеттер жергиликтүү мекемелердин эмес, мамлекеттин милдети. Ушуга ылайык, эгер биз 3 штаттык бирдикти 459 айылдык округга көбөйтө турган болсок, 1377 адам болот. Бирок аталган штаттык бирдиктердин айлык акыларын төлөп берүү үчүн борбордук бюджеттен эч кандай каржылык каражат каралган эмес.

Сиздер кандай ойлойсуздар, «Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алынышы менен жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу системасы жергиликтүү маанидеги маселелер менен алектенеби, же дагы эле жогортодон өткөрүлүп берилген милдеттерди аткаруу куралы боло береби? 

Себеби азыркы күндө да жергиликтүү бюджеттин 80 пайызы өткөрүлүп берилген милдеттерди аткаруу үчүн кетет, 13 пайызы аткаруу бийлигинин айлык акысына, үч-төрт пайызы жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жумшалат. Аталган түзөтүүлөр так ушуга алып келет: бюджеттин 95 пайызы өткөрүлүп берилген милдеттерди аткарууга жумашалат.

Алексей Красин: Мен жергиликтүү кеңештерге партиялык тизме менен шайланууга каршымын. Эмнеге экенин түшүндүрөйүн. Партиялык курулуш башталгыч этабында турат. Ал тургай Жогорку Кеңеште партиялар эмес, кызыкчылыктардын топтору отурат.

Көп партиялуулуктун мааниси мында: ар бир партияда  өлкөнү өнүктүрүү программасы, кризистен чыгуу программасы, өлкө жана анын өнүгүүсү кандай болуш керектиги тууралуу сунуштардын топтому болушу керек. Өлкөдө кризистик абал. Жогорку Кеңешке шайлоо жүрүп жатканда бизге сунушташкан партиялык программалар кана? Бул партиялардын бардыгы кайда?

Биз Жогорку Кеңеште көз караштардын, жеке адамдардын күрөшүн көрүүдөбүз. Ал жерде аймактык өнүгүү актуалдуу эмес, ал жерде Түлеевдин кармалышы актуалдуу. Эмне үчүн бул жеке саясий фигура мамлекет үчүн маанилүү болгон жараяндарды көлөкөсүнө калтырып  кетип атат?  Өлкөнү өнүктүрүүнүн саясий көз караштары кайда?

Анда мындайча суроо туулат: жалпы эле мамлекеттүүлүктүн, мамлекетти өнүктүрүү саясатынын субъекттери катары аныктала элек, алигиче өлкөнү өнүктүрүү боюнча өзүнүн көз карашын калыптандыра элек партиялар жергиликтүү кеңештерде эмне кылышат?  Саясий партиялар бийликке келиш үчүн түзүлөт да. Качан гана бул партиялар бийлик үчүн болгон күрөштө такшалганда, качан гана алар өлкөнү өнүктүрүү боюнча өздөрүнүн көз караштарын калыптандырганда  төмөн жакта, жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүү деңгээлинде көрүнө алышына негиз түзүлүшү мүмкүн.   

Биз азыр кызык нонсенсти көрүүдөбүз. Айылдык кеңештерге шайлоо жүргөндө саясий партиялардын жергиликтүү өнүгүү боюнча көз карашынын болбогонуна каршы шайлоочулардын топтору пайда болду. Шайлоочулрдын топторунда бул көз караш бар. Себеби бул топтордо жергиликтүү өнүгүүгө кызыкчылыгы болгон адамдар чогулган. Эгер кайсы бир жерлерде партиялар уткан болсо анда алар лидеринин кадыр-баркынын аркасында утушту. Менин оюмча, ал жерге саясатчы сөрөйлөр келсе, бул жергиликтүү кеңештердин шору болот. Чындыгында, партияларда саясатчылар эмес, бул институтту бийликке келүү кызыкчылыгында колдонгон саясатчы сөрөйлөр орун алган. Менин көз карашымда, бул – ойрондоткуч күч .

Шерадил Бактыгулов: Өзүмдүн баяндамамда мен дагы белгилеп өткөм. Азыркы шартта, бизде түзүлгөн укуктук нормалардын алкагында башкаруунун партиялык системасынын түзүлүш тенденциясы жашырылган. Жөнөкөйлөштүрүп айтканда, КПСС кеткен, бирок анын иши уланууда. Ыйык жер бош калбайт, ушул ыйык жерди ээлеп алуу далаалаттары  бар.

Мурат Кошмуратов: Милдеттерди өткөрүп берүү жөнүндө сөз болгондо менде муниципалдык аймактык башкаруулар, башкача айтканда, МАБдар менен байланыш түзүлдү. Эгер жаңылбасам, шаардын аймагында алардын саны 22. МАБ  институту баардыгы жана эчтеке менен алектенет. 

Тик сызыктар арасында байланыш жок деген боюнча. Мен айткым келет, азыркы күндө мамлекеттик кызматка адамдар жөндөмдүүлүгүнө жараша  эмес, партиялык тизме боюнча келүүдө. Азыркы мезгилде башкы кызматтарга партияга таандык адамдардын келип жатканы жашырын сыр эмес. Артыкчылык адистин кесипкөйлүгүнө эмес, партияга  тиешелүүлүгүнө карап берилүүдө.

Мен белгилеп кетким келет, СССРде адистерди тандоодо, кароодо аябагандай кылдат система иштечү. Кенже, жетекчи адистер райондорго кызматтык сапарга жиберилчү, адистерди өстүрүү программасы бар болчу.

Чарбаны пландык түрдө жүргүзүү системасына Казакстандын кайтып келгенин, Кытайдын бул системаны сактап калганын айткым келет.

Ар түрдүү деңгэлдерде бийликтин кадыр-баркы жумушчу орундарын түзүүнү тездетүү менен көтөрүлмөк. Бул социалдык чыңалууну жана карама-каршылыкты жойгон эң жакшы жол.

Аталган тегерек стол Улуттук демократияны колдоо фондунун (NED) көмөгү менен «Маанилүү саясий темаларды коомдук талкуулоону колдоо» долбоорунун алкагында уюштурулду. 

Негизги бетке кайтуу / Басып чыгаруу версиясы