Ананас
Ананас субтропик ж-а тропик өлкөлөрүндө өстүрүлөт. Бышкан ананас 8—9°С темп-рада 10—12 күнгө чейин сакталат. 7°Сден төмөнкү темп-рада мөмөсү бузулуп кетет — өңү карарып, суу даамданып калат; 10°С ж-а андан жогорку темп-рада мөмө тез бышып, түсүн ж-а даамын жоготуп коёт.
Ананаста кант, органикалык кислоталар, золь, пектин (желе пайда кылуучу), өңдөөчү ж-а атыр жыттуу заттар, о. эле 20 мг% С витамини, каротин (А провитамини), В1 ж-а В2 витаминдери бар. Ананас жаңы кезинде желет, андан шире, компот жасалат.
Тамакка керектерде аны тилим-тилим кылып же кыя туурайт (кээде кант упасын сээп коёт).
© Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы, Фрунзе, КСЭ, 1989 ж.