КСЭ

image_pdfimage_print

Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы
Турак-жай
Тамак-аш
Ден-соолук жана косметика
Кийим-кечек жана бут кийим
Ара-чолодо
Бак жана огород
Укук маалыматтары
Фрунзе, Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы 1989

«Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы» —1984-жылы «Советская Энциклопедия» басмасы чыгарган «Краткая энциклопедия домашнего хозяйства» аттуу китептин 7-басылышынын котормосу. Сөздүктү кыргыз тилине которууда «Советская Энциклопедия» басмасынын ж-а КСЭнин тармактык илимий редакциялык советинин макулдугу м-н айрым терминдер кыскартылып, кыргыз элинин каадасалтына, турмуш-тиричилигине ж-а тамак-ашына байланыштуу материалдар м-н толукталды.
Тиричилик маданиятына болгон кызыкчылыктын өсүшү табигый нерсе, ал баарынан мурда совет элинин жыргалчылыгынын системалуу жогорулашы, эл керектөөчү буюмдардын көп чыгарылышы ж-а сапаттарынын жакшырышы м-н түшүндүрүлөт. Миллиондогон советтик граждандар жаңы курулган үйлөрдөн квартира алышууда. Өнөр жай ж-а азык-түлүк товарларынын жаңы түрлөрү пайда болууда, кездеме, бут кийимдердин, синтездик материалдардан жасалган түрдүү буюмдардын түрү көбөйүүдө. Үй тиричилигинде азыркы мезгилдеги муздаткыч, кир жуугуч машина, электр ж-а газ приборлору кеңири колдонулууда. Медициналык тейлөө жакшырып, спорт, туризм өнүгүүдө. Энциклопедиянын негизги максаты — ар кимге өз үй тиричиликтерин ж-а бош убактыларын туура уюштурууга көмөк көрсөтүү.
Энциклопедия окурмандары сатыкка кеңири чыгарылып жаткан үй тиричилигине керектүү приборлор, аппараттар, шаймандар, ар кандай чарбалык буюмдар ж-а идиш-аяктар м-н тааныштырат.
Китепте кийим-кечекти тандоо, моданын талаптарына туура мамиле жасоо б-ча кеңештер камтылган. Окурман бычмачылык үлгүлөрдү түзүү, сырт ж-а ич кийимди бычуу ж-а тигүү, сокмо- түймөчүлүк ж-а саймачылык, кийимди күтө билүү ж-дө негизги маалыматтарды ала алат.
Турак жай ж-дөгү макалаларда мебелди (үй эмерегин) тандоо ж-а жайгаштыруу, квартираны жабдуунун көптөгөн буюмдары, обойду тандоо, үйдү ремонттоо ж. б. б-ча баалуу маалыматтар берилет.
Энциклопедияда үй китепканасын түзүү, коллекция чогултуу (төш белги, марка, открытка ж. б.) ж-дө макалалар жайгашкан.
Окурман жаш курагына жараша тамактануу, о. эле мүнөз тамактар ж-дө маалымат ала алат. Кеңири таралган тамак-аштардын даярдоо ыкмасы ж-а рецептери, ар түрдүү продуктулардын өзгөчөлүктөрү ж-а аларды сактоо эрежелери китепте кеңири берилген.
Макалалардын кыйла бөлүгү тиричилик гигиенасына, бетти ж-а чачты күтүүгө арналган. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүү ж-а оорулууну үйдө багуу б-ча кеңештер айтылат. Китепте спорттун массалуу турлөрү, улуттук ж-а спорттук оюндар, туризм, аңчылыкка чыгуу, балык уулоо ж-дө кыскача маалыматтар бар.
Энциклопедияда бөлмө гүлдөрүн өстүрүү, дача участкаларын жащылдандыруу, чымчыктарды багуу ж-дө макалалар бар. Айрым үй буюмдарын жасоо, а. и. ёлка оюнчуктарын, маскарад костюмдарын жасоо жолдору жазылган.
Бул китепте турак ж-а эмгек закондору, о. эле айрым тиричилик маселелери б-ча кыскача укук маалыматтары камтылган.
Макалалар алфавит тартибинде жайгашпастан, бөлүмдөргө топтолуп, ар бир бөлүм өзүнчө алфавитке салынды. Китепте 7 бөлүм бар: «Турак жай», «Тамак-аш», «Ден соолук», «Кийим-кечек ж-а бут кийим», «Ара чолодо», «Бак жана огород» ж-а «Укук маалыматтары». Ар бир бөлүм «Пайдалуу кеңештер» м-н да толукталды. Редакция материалдарды бөлүмдөргө мүмкүн болушунча туура бөлүүгө аракет жасады, бирок айрым макалалар бул же башка бөлүмгө да жарактуу. Мис., «Кир жуугуч машина» макаласын «Турак жай» бөлүмүнө жайгаштырса да, «Кийим-кечек» бөлүмүнө киргизсе да болот. Керектүү макаланы табууга ыңгайлуу болсун үчүн алфавиттик- предметтик көрсөткүч берилди. Энциклопедия кыскача түзүлгөндүктөн айрым маселелер б-ча өзүнчө макала жок, бирок керектүү маалымат башка макаладан алынышы мүмкүн. Энциклопедияда колдонулган шилтеме системасы, тигил же бул маселени түшүндүрүүнү кошумчалоого мүмкүндүк берет. Шилтеме берилген макаланын аты өзгөчө шрифт — курсив м-н терилди.
Китеп көптөгөн түстүү ж-а кадимки сүрөттөр м-н жасалгаланды.
КСЭнин Башкы редакциясы бул китепти чыгарууда активдүү катышкан авторлорго, котормочуларга, сүрөтчүлөргө, рецензенттерге чын пейилден ыраазычылыгын билдирет ж-а окурмандардан бул китеп жөнүндөгү ой пикирлерин билдирген каттарды күтөт.

© Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы, Фрунзе, КСЭ, 1989 ж.