Ачык суу

Ачык суу — шарап (этил) спиртин ачытуудан алынуучу ачык суу (уксус) кислотасынын суудагы 4 же 10%түү эритмеси. Эстрагон, сельдерей, чыны карагат жалбырагы же башка жыттуу өсүмдүктөр ж-а алардын азык тамырларын (базилик, жалбыз ж. б.) кошуу м-н ачык суунун жыты жакшыртылат. Ачык суу бөтөлкөгө куюлуп, сатыкка чыгарылат, этикеткасына наамы ж-а концентрациясы көрсөтүлөт.
Ачык суу көптөгөн тамакка ж-а ысылык тамакка татымал катары кошулат, соус м-н маринаддардын составына кирет, тамак-аш горчицасын, салат жасоого, борщко кычкыл даам берүүгө, сельдге куюуга ж. б. керектелет. Ачык суу айнек идишке куюлуп, бекем тыгындалып, салкын жерде сакталат, к. Эссенция.

© Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы, Фрунзе, КСЭ, 1989 ж.