Ачыткы

Ачыткы (ачыткы козу карындар). Ачыткы кантты ачытып, андан спирт м-н көмүр кислотасын бөлүп чыгарат. Тамак-аш өнөр жайында, о. эле үйдөгү кулинарияда кеңири колдонулат (к. Блин, Кулич, Камыр). Сүт м-н сүт кычкыл продуктуларйндагы ж-а сүттөгү кантты ачытуучу ачыткынын составына кирет. Суюк, ныкталган ж-а кургак ачыткылар чыгарылат.
Ачыткы — тез бузулуучу продукт. 0°С- ден -1-4оСге чейинки темп-радагы караңгы, салкын жерде суюк ачыткы 6—8 с, ныкталганы 10 сутка сакталат.
Ачыткыда (өзгөчө пиво ачыткысында) Вь В2, В12, Д ж-а РР витаминдери көп (к. Витаминдер). Ошондуктан врачтар тарабынан ден соолугу начар ж-а катуу ооруп айыккан кишилерге жалпы эле ден соолукту чыңдоочу дарылык катары сунуш кылынышы мүмкүн. Бөйрөгү, боору, муундары ооруган ж-а семиз кишилерге жакпайт.

© Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы, Фрунзе, КСЭ, 1989 ж.