Анар

Анар Орто Азия, Закавказье ж-а Крымда, Дагестандын түш. аймактарында өстүрүлөт, жапайысы да жолугат. Кыргызстанда анардын «Бала Мюрсаль», «Казаке Онор», «Кува» сорттору өстүрүлөт.
Анардын мөмөлөрү сентябрдын 2- жарымынан ноябрдын аягына чейин жыйналат; таттуу сортторун 1°С темп- рада 4—5, кычкыл сортторун 8—9 айга чейин сактоого болот. Анарда кант, 4—10 мг°/о С витамини, танин, лимон кислотасы бар. Даамына жараша кычкыл. кычкыл-таттуу ж-а таттуу сортторго бөлүнөт.
Мөмөлөрү жаңы кезинде тамакка. о. эле шире, алкоголсуз ичимдик, мөмө- жемиш шарабын, татымал даярдоого пайдаланылат.
Анардын ширеси — тамак-аш ж-а диета үчүн баалуу продукт.
Теңме-тең кошулуп кайнатынган (коюлтулган) ширеси ар кандай тамактарга. көбүнчө кавказ кухнясында татымал катары колдонулат. Медицинада анардын ширеси (танин болгондуктан) ж-а кабыгы аш-казан бузулган кезде, ал эми сөңгөгү м-н бутактарынын кургатылган кабыгы глистке каршы дары катары пайдаланылат.
Жара ооруларынан, карын маңызынын кычкылы жогору болгон гастриттен жапа чеккен кишилер, о. эле энтераколит бодгондо кычкыл сорттогу мөмөлөрдү жебеш керек.

© Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы, Фрунзе, КСЭ, 1989 ж.