Апельсин
Апельсин субтропик ж-а тропик өлкөлөрдө өстүрүлөт; СССРде — Кавказдын Кара деңиз жээгиндеги бир аз аймакта өстүрүлүп, мөмөсү ноябрдын аягы — декабрда жыйналат. Мөмө канчалык кеч жыйналса, ошончолук даамдуу болот ж-а көпкө сакталат. Биздеги сортунда кант ж-а 60 мг°/о С витамини, о. эле каротин (А провитамини), Вь В2, Р ж-а РР витаминдери бар. Жумшак климаттуу өлкөлөрдөн алынып келинген апельсинде кант көп. Папирос кагазына оролгон апельсин 5°С темп-рада майга чейин сакталат; темп-ра өтө төмөн болсо күрөң тактар пайда болуп, андан ары сактоого жарабай калат.
Апельсиндин көптөгөн сорттору 3 топко бөлүнөт: кадимки апельсин — мөмөсүнүн сырты кызгылт сары, эти ачык кызгылт түстө; королёк — мөмөсүнүн сырты ачык кызыл сары, эти кызыл тарамдуу болот; киндиктүү — баш жагындагы негизги мөмөсүнүн кабыгынан бир аз чыгып турган быша элек мөмөсү болот. Канттуулугу б-ча кадимки апельсин киндиктүүгө караганда начар келет, бирок ширелүү. СССРде өсүүчү сорттору: «Королёк 100» («Королёк грузинский»), «Вашингтон Навел», «Гладкокорый» («Вашингтон Навел гладкокорый»), «Первенец». Этине караганда кабыгында витамини 2 эсе көп болот, бирок даамы кычкыл келет. Апельсин жаңы кезинде желет, о. эле кыям, компот, шире, цукат даярдоого керектелет.
Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы, Фрунзе, КСЭ, 1989 ж.