Азу

Азу- коюу тамак. Сулп эттен жасалат. Челинен тазаланган этти 2х4 см өлчөмүндө туурап, табада кызарта куурат. Андан кийин мискейге которуп салып тузун татытат, томат-пюре же тууралган помидор, куурулган пияз кошуп, сорпо же ысык суу куят. Капкагын жаап, отту кичирейтип 40—50 мин демдейт. Андан кийин чоң-чоң тууралып чала куурулган картошка, кабыгы м-н уругунан тазаланып майда тууралган туздуу бадыраң, майдаланып туз кошулган сарымсак, кара мурч ж-а кум шекер кошуп, демдеп бышырат. Дасторконго коёрдо майда тууралган ашкөк, шибит себүү сунуш кылынат.
500 г сулп этке 300 г аарчылган картошка, 2—2,5 аш кашык ак же сары май, же маргарин, 2 баш пияз, 2—3 аш кашык томат-пюре, 2—3 туздалган бадыраң, 3—4 тиш сарымсак, 1 чай кашыктан туз ж-а кум щекер, кара мурчтун 4—5 даны керек.

© Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы, Фрунзе, КСЭ, 1989 ж.