Аба нымдагыч

image_pdfimage_print

Аба нымдагыч (электрдик) — киши жашоочу бөлмөнүн гигиена шартын жакшыртуучу прибор; кишинин ден соолугуна пайдалуу нымдуулугун (өзгөчө кышында) камсыз кылат ж-а абаны терс иондоштуруп, организм үчүн жагымдуу шарт түзөт. Ал бөлмөдөгү ачык жерге кичине балдар жетпегендей кылып, дубал, терезе ж-а мебелден 1/2 м алыс орнотулат.
Аба нымдагычтын негизги бөлүгүсуу толтурулган идиш; аны электр тармагына туташтырганда майда дисперсиялуу суу тамчыларын чачыратып, абаны ным м-н каныктырат. Идиши тарелка же көмкөрүлгөн конус түрүндө үстү ачык (мис., «УВ-1> тибиндеги нымдагычта) ж-а «Бриз», «Комфорт» тибиндеги нымдагычтардын суу куюучу ж-а аны чачыратуучу көзөнөгү бар жабык капкактуу болот.
«УВ-1» нымдагычында суу идиштен чачыраткыч аркылуу фонтан түрүндө 250 ммге чейин жогору чачыратылат. Идишинин сыйымдуулугу 0,5 ддей. Ага күн сайын кайнатылган муздак суу куюу сунуш кылынат, бул болсо нымдагыч иштегенде абанын өтө интенсивдүү иондошуусуна шарт түзөт ж-а аны таза кармоону жеңнлдетет. «УВ-1» тибиндеги нымдагыч жеңил (суусуз массасы 800 гдан ашпайт) ж-а үнөмдүү (керектөө кубаттуулугу 4—6 Вт).
«Бриз» ж-а «Комфорт» тибиндеги ным- дагычтарда капкагындагы көзөнөк аркылуу чачыратылат. Сууну белгилүү багытка чачыратуу үчүн бул көзөнөктү тик бурчтуу («Комфорт») же цилиндр («Бриз») түтук- туу башка кичине капкак м-н жабат. Капкакты бураганда суунун чачыроо багыты өзгөрөт. Жабык типтеги идиштердин көлөму 2—2,5 лге жетет. «Бриз» ж-а «Комфорт» нымдагычтары «УВ-1ге» караганда абаны тез нымдайт, бирок салмагы оор (суусуз массасы 2—2,5 кг) ж-а электр энергиясын көп сарптайт (керектөө кубаттуулугу 25—30 Вт).

© Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы, Фрунзе, КСЭ, 1989 ж.