Аба тазалагыч

image_pdfimage_print

Аба тазалагыч (үй тиричилигиндеги) — ашкана бөлмөсундөгү абаны газ плитасынан чыккан газдын, тамак даярдоодо пайда болгон майдын жытынан, ыш м-н көөдөн, о. эле куйуктун жагымсыз жытынан тазалоочу аппарат. Аба тазалагыч ашкана мебель комплектисине орнотулат же плитадан 700—900 мм бийикте дубалдагы илгичке ж-а кронштейнге бекитилет. Ушундай бийиктик аппараттын нормалдуу темп-ра режимин камсыз кылып, абаны жакшы тазалайт.
БЭВ-1 аба тазалагычы ашкана желдебегенде абаны интенсивдүү алмаштыруучу желдеткич системасы бар тулкудан турат. Тулкунун төмөн жагы капкактуу чыпкалоочу материал чыпкалуу аэрозоль) м-н жабылат, ал абаны көө, май ж. б-дан тазалайт. Ичинде бактерициддик сымап- кварц лампасы, жарык кылуучу лампа ж-а башкаруу блогу болот. Бактерициддик лампадан жогорураак абаны газ м-н та- залагыч сорбенттүү-катализатордуу эки кассета жайгаштырылган. Аба тазалагыч тулкунун алды жагы башкаруу блогунун клавишалары орношкон кооз панель м-н капталган. Аппараттын маңдайындагы жылдырылма калакча жабылбаган абалда плитадан чыккан булганыч абаны чогултат.
Плитанын үстүндөгү аба м-н кошо сордурулган аэрозолдор, механикалык кошундулар чыпкалагыч материалда (аэрозоль чыпкасы) тосулат, андан кийин сорбент- катализатор аркылуу өткөн аба тазаланып, күйгөн бактерицидцик лампа (ультракызгылт көк нурлануу булагы) аны зыян- сыздандырат. Тазаланган аба ашкана бөлмөсүнө кайтарылат. Аба тазалагычтын желдеткичи абаны активдүү которуштур- гандыктан бууланган суу дубалга туруп калбайт, ашкана бөлмөсүндө жылуулук бир калыпта таралат. Абаны жакшы тазалоо үчун тамак жасап бүткөндөн кийин аба тазалагычты 20—30 минута бактерициддик лампаны күйгүзбөй иштетүү керек.
Аба тазалагычты пайдаланууда чыпкалоочу материалды, лакты ж-а пластмасса тетиктери бузулбасын, о. эле аппарат өтө ысып кетпесин үчүн тамак-аш даярдалгандан кийин газды күйгөн бойдон кал- тырууга болбойт.
Бактерициддик лампа күйгөндө (аба тазалагычтын төмөнкү капкагы ачык болгондо) аны тике кароо көзгө зыян келтирет.
Чыпка чөккөн заттардан мезгили м-н (алты айда бир жолу) тазаланат. Аны мастерскойдо, бирок зарыл болсо үй шартында жүргүзүү сунуш кылынат. Аба тазалагычтын капкагын ачып, чыпкасын чыгарып, синтездик кездеме жуугуч каражаттардын эритмесине 2—3 саат чылап коюлат. Андан кийин чыпканы жакшы чайкап, толгобой сыгуу керек. Чыпка ным соруучу кездемеде кургатылат; кургаган чыпканы капкакка пружиналуу бекиткич м-н бекитип, капкак ордуна коюлат.
Сорбент-катализаторду кайра пайдалануу үчүн аны пластмасса кассетадан таза жуулуп кургатылган табага салып, ашкана плитасынын ысытуучу ортоңку текчесине салынат. Сорбентти 250—300°С темп- рада 3—3,5 саат ысытканда жагымсыз, бирок зыянсыз жыт бөлүнүп чыгат. Аны ысытууда ашкананын терезесин ачып, эшигин (эң кеминде адегендеги бир саат) жаап коюу керек. Ысытылган сорбент кайра кассетага салыньш, аба тазалагычка орнотулат. Сорбент катары пайдаланылуучу активдештирилген көмүрдү белгилүү мөөнөттөн кийин алмаштыруу керек.
БЭВ-1 аба тазалагычынын (сорбентсиз) массасы 20 кг, өлчөмү 550X600X250 мм. Керектөө кубаттуулугу 50 Вт; 220 В чыңалууга эсептелген.

© Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы, Фрунзе, КСЭ, 1989 ж.