Автокосметика

Автокосметика — автомобилдин (мотоцикл, велосипед) жүрүү мөөнөтүн узартуучу, аны урунуу шартын жакшыртуучу ж-а сырткы көрүнүшүн жакшы сактоочу химиялык каражаттар тобу. Автокосметикага жуугуч, тазалагыч, сайкалдагыч, коргогуч, жылчыксыз бүтөгүч ж-а жардамчы каражаттар кирет.
Жуугуч ж-а тазалагыч каражаттар автомобилдин лак-сырын. каптоолорун, айнегин, кыймылдаткычын ж-а кооздук тетиктерин жууп, тазалоого арналган. Лак-сыр беттерди жууш үчун суюк «Автошампунь концентрированный» («Концентрациялаштырылган автошампунь»), «Автоэмульсия», «Автошампунь АШ-74», «Автошампунь с осушаюшим эффектом» («Тез кургатуучу автошампунь»), «Автошампунь с антикоррозионным «эффектом» («Дат бастырбоочу автошампунь»), күкүм сымал «Лак-клин» ж-а аэрозолдук идиштеги «Автошампунь пенный» («Көбүктүү автошампунь») каражаттары чыгарылат. Автомобилдин лак-сырын ж-а кооздук тетиктерин кышкысын суусуз эле «Зимний» («Кыштык») автотазалагычы м-н тазалоого болот. Өтө кирдеген жумшак жабдуулары «Автоочиститель-1» ка- ражаты м-н тазаланат. Автомобилди самын же синтездик тазалагыч каражаттар м-н жууш сунуш кылынбайт.
—40°Сге чейинки темп-рада маңдайкы айнекти тазалоо үчүн «НИИС-4» суюктугу чыгарылат, ал машинанын айнек жуугучунун идишине (бачогуна) куюлат. —27°Сге чейинки темп-рада автомашинанын айнеги «Автоочистителъ-1 стекол» м-н тазаланат. Автомобилдин айнегин, кооздух тетиктерин ж.-а лак-сыр каптоолорун тазалоо үчүн «Автоочистигель стёкол и кузов» («Айнек м-н кузовду автотазалагыч») аэрозоль каражаты да колдонулат. Бул каражаттар курт-кумурскалардын изин, май тактарын ж.. б. кирлерди оңой кетирет. Лак-сыр беттен битум, май тактарын кетирүү үчүн «Автоочиститель битумных пятен» («Битум тактарынан автотазалагыч») суюк ж.-а аэрозоль каражатын колдонууга болот. Автомобиль, мотоцикл, катердин кыймылдаткычтарынын ж-а агрегаттарынын сыртын сууда эрибөөчү кирден газа гез газалоочу «Автоочиститель двигателя» («Кыймылдаткычты автотазалагыч») каражаты жөнөкөй аэрозолдук идиште чыгарылат.
Авгомобнль ж-а мотоцикл кыймылдаткычынын цилиндринин бөркүндөгү, поршендеги, клапандагы, учкун чыгаргычтагы көөнү ал тетиктерди чечпестен эле «Автоочиститель нагара» («Көөдөн автотазалагыч») м-н тазалоого болот.
Кмймылдаткычтын муздатуу системасындагы кеберди «Автоочиститель-1 накипи» («Кеберден автотазалагыч-1») м-н тазалоо керек.
«Автоочиститель-1 ржавчины» («Датты автокетиргич-1») ж-а «Автопреобразователь ржавчины» препараттары датты кетирүүнү жеңилдетет. Коргошун-кислоталуу аккумулятордогу пластиналардын өтө эле сульфатташып кетишин алдын алуу, батареялардын сыйымдуулугун толуктоо ж-а аккумулятордун иштөө мөөнөтүн узартуу үчүн «Автодесульфатор аккумуляторных батарей» («Аккумулятор батареяларынын автодесульфатору») каражаты чыгарылат.
Сайкалдагыч каражаттар лак-сыр бетти жылмалоого арналат. Бул каражаттардагы момдон башка эриткичтер ж-а активдүү кошумчалар бетти сайкалдоо ж-а тазалоо процессин бириктирүүгө шарт түзөт ж-а мом кабыкчасын абанын таасиринен сактайт. Ушул максатта «Автополироль для обветренных покрытий» («Туурулган сыр бетке арналган автополироль»), «Автополироль для старых покрытий» («Эски сырдалган бетке арналган автополироль»), «Автополироль консервирующий для новых покрытий» («Жаңы сырдалган бетке арналган автополироль»), «Глянец» автополиролу ж-а «Клинер-полиш» препараты, о. эле «ВАЗ-1», «ВАЗ-2», «ВАЗ-З» жылмалоо пасталары ж-а аэрозолдук идиштеги «Автополироль-2» каражаты чыгарылат. «Автосалфетки полирующие» атайын салфеткасы м-н «Полир» салфеткасы жакшы натыйжа берет. Сайкалдоо үчүн препарат- ты тандоо автомобилдин лак-сыр жабуу- сунун абалына жараша аныкталат.
Коргогуч каражаттар. Кузовду, хромдолгон тетиктерди, кыймылдаткычтын сыртын, түбүн, капталын, алды жагын ж-а куту сымал кесилиштеги тетик- теринин ички бетин коргоо үчүн атайы боёк, эмаль, мастика ж. б. коргогуч кара- жаттар чыгарылат. Автомобилдин суу, май, бензин, баткак ж. б. м-н көбүрөөк булгануучу капталдарынын ж-а шассисинин ички беттерин сакташ үчүн «Мастика битумная антикоррозионная» («Коррозияга туруктуу битумдуу мастика»), «Автоантикор для днища битумный» («Автомобилдин асты үчун битумдуу автоантикор»), «Автоантикор для днища резинобитумный» («Автомобилдин асты үчун резина-битумдуу автоантикор»), «Автоантикор эпоксидный» («Эпоксиддүү автоантикор»), «Автогрунтовка цинконаполненная», каучук-битумдуу антикор «Битукас» чыгарылат. Бул препараттар сууга туруктуу жука кабыкчаны пайда кылып, бетти коррозиядан жакшы сактайт.
Автомобилди жылытылбаган гаражда же ачык аянтта сактоодо анын кузовун ж-а гальваникалык жол м-н капталган металл тетиктерин консервациялоо үчун «Автоконсервант» каражаты пайдаланылат. Автомобилдин кузовунун сыртындагы ж-а кооздолгон тетиктериндеги консервант «Автодеконсервант» аэрозоль препараты м-н оңой эле кетирилет.
Авгомобиль кузопупун куту кесилиишп деги тетиктеринин ички беттерин корро зиядан жакшы сактоого «Мовиль» суюк автоконсерпанты м-и «Резистин» аэрозоль препараты жардам берет.
Автобус, жеңил аптомобиль ж. б. машиналардын айнектерине бубак, муз турбасын үчүн «Автоаптиобледенитеть», тердөө дөн сактоо үчүн аэрозолдук идиште «Автоантизапотеватель» чыгарылат. «Автосалфетки антизапотевателдин» жардамы м-н автомобилдин жылытылбас айнегин тердөөдөн сактабастан, чаңдан да тазалайт ж-а автомобилдин ички ж-а сырткы бетинин антистатикалык иштетүүсү да ишке ашырылат.
«Автокраска для резиновых деталей» («Резина тетиктери үчүн автосыр») препараты ал сүйкөлгөн бетте атмосфера факторлорунун бузуучу аракетине туруктуу коргоочу катмар пайда кылып, майда жаракаларды жаап калат.
Үй шартында «Нитроэмаль для металлических поверхностей» («Металл беттер үчүн нитроэмаль» аэрозолдук идиште чыгарылат) препараты м-н автомобилдин эмалданган металл бетине майда ремонт жүргүзсө болот.
Автомобиль көп жүргөндө кыймылдат- кычты муздатуу системасында жылчыктар чыгып, салондун ж-а фаранын айнектери бошоп шалактап калат. Буларды калыбына келтирүу үчүн жылчыксыз бүтөгүч каражаттар: суу же антифриз толтурулган кыймылдаткычтын муздатуу системасындагы жылчыкты убактылуу бүтөөдө «Автогерметик для радиатора» («Радиатор үчүн автогерметик»); резина төшөмү м-н айнектин арасын ж-а резина төшөмү м-н металл беттин арасын тыгыздоодо «Автогерметик-1 стекол» мастикасы колдонулат. «Автогерметик универсальный эпоксидный» майда жараканы бүтөөгө арналган. Ал болоттун бардык маркала- рын, алюминийди ж-а анын куймаларын, жыгачты, пластмасса ж. б. материалдарды өз ара ж-а бири м-н экинчисин бекем желимдейт. «Автогерметик-прокладка» суу, антифриз, майдагы резина, жыгач ж-а картон төшөмдөрдүн ордуна колдонулат ж-а бошоң жерди жылчыксыз бүтөөгө арналат.
Кошумча каражаттар автомобилди кутүүдө ж-а ремонттоодо көптөгөн операцияларды жеңилдетет ж-а арзандатат. Автомобилдин корпусундагы эски сырларды кетирүү үчүн «Автосмывка старой краски» («Эски сырды кетирүүчү автожуугуч») колдонулат. Кайта сырдоонун алдында эски сырды кетирүү зарыл.
Ным болгон кыймылдаткыч кыйындык м-н от алгандыктан учкун чыгаргыч системанын тетиктеринин бетиндеги нымды тез кургатуу үчүн аэрозолдук идиштеги «Автожидкость для запуска отсыревших двигателей» («Ным тартып калган кыймылдаткычты от алдыруу үчүн автосуюктук») каражаты чыгарылат. Ал сурулүүчү тетиктер үчүн майлагыч май болуп, кыймылдаткычты коррозиядан сактайт. «Автосмазка ВТВ-1» аэрозоль препараты комплекстүү аракеттеги каражат болуп эсептелет. Аиып жардамы м-и автомобилдин кооз ж-а боёлбогон металл бетин консервациялоого, кулпуларын майлоого ж-а тоңуудан сактоого, аккумулятор батареясынын кыскычтарын кычкылдануу- даи сактоого болот.
Жол жүрүү шартында автомобилге керектүү зарыл каражаттар № 8 автожыйнактын курамында болот. «Автонабор ремонтный эпоксидный» препаратын пайдаланып, металл беттердин тешик ж-а коррозияга учураган жерлерин бүтөөгө, тегиз эмес жерлерин жылмалоого, пластмасса тетиктерин калыбына келтирүүгө, металл ж-а башка материалдарды желимдөөгө болот.
Жакшы натыйжага жетишуү үчүн автокаражаттардын идишинин бетиндеги инструкцияны так сактоо зарыл.

© Үй тиричилигинин кыскача энциклопедиясы, Фрунзе, КСЭ, 1989 ж.