[25.02.2ОО3] Лапшовая война. Китайцы отказываются признать банкротом свое СП в Киргизии
[25.02.2ОО3] Кто «заказал» Аскара Айтматова? Главу киргизского МИДа анонимно дискредитируют
[25.02.2ОО3] Диаспора готовится к курултаю
[25.02.2ОО3] Я не исключаю, что кыргызстанцы-южане присоединятся к ИДУ. А.Бекназаров
[25.02.2ОО3] Из интервью мэра г.Бишкек М.Керимкулова:
IPP жаңы долбоордун башталышы тууралуу жарыялайт
IPP жаңы долбоордун башталышы тууралуу жарыялайт
25.02.2013
Коомдук саясат институту жаңы долбоорго катышуучуларды алуу тууралуу жарыялайт.
Долбоор жаштар кыймылдарынын жигердүү мүчөлөрүнө, саясий партиялардын жаштар канаттарынын өкүлдөрүнө, жигердүү студенттерге, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана бейөкмөт уюмдардын жаш өкүлдөрүнө, ошондой эле, Кыргызстандын бардык аймактарындагы, анын ичинде Бишкектеги журналисттерге багытталган.
Окутуу Бишкекте жүргүзүлөт. Долбоордо Кыргызстандын аймактарынан келген катышуучулардын жол киресинин жана Бишкектеги турактарынын каржыланышы каралган. Окутуу акысыз. Долбоор аяктаганда, катышуучуларга сертификаттар берилет. Катышуучуларды тандоо конкурстук негизде жүргүзүлөт.
Долбоор ишмердүүлүгү эки баскычтан турат – окуу жана тажрыйбалык ишмердүүлүк.
Биринчи баскыч: 2013-жылдын 1-апрелинен 5-апрелине чейин Коомдук саясат институту Жаш лидерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча 5 күндүк мектеп уюштурат. Мектеп учурунда катышуучулар КРдагы жарандык сектордун жана эл аралык коомчулуктун ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу кабардар болушат, ошондой эле, өздөрүнүн лидерлик жөндөмдүүлүктөрүн жакшыртып, социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, демократиялык башкаруу жана сабырдуулук боюнча билим алышат.
Экинчи баскыч: 2013-жылдын 8-апрелинен 30-июнуна чейин катышуучуларга өздөрүнүн социалдык долбоорлорун өз алдынча ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берилет жана бул иш, өз кезегинде, жаш журналисттер тарабынан чагылдырылат.
Мындан тышкары, долбоорду ишке ашыруу учурунда тегерек стөлдөр уюштурулуп, долбоордун катышуучуларына жарандык коом лидерлери, эл аралык уюмдардын жетекчилери, эксперттер, саясий партиялардын жана мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү берилет.
Бул долбоор Демократияны колдоо боюнча улуттук кордун (NED) көмөгү менен ишке ашырылууда.
Долбоорго катышууну каалагандар толтурулган билдирмени ak@ipp.kg электрондук дарегине жөнөтүүлөрү зарыл. Электрондук каттын темасында сөзсүз: «Жаш лидерлердин потенциалын жогорулатуу мектеби» деп белгилөө керек. Билдирменин формасын көрсөтүлгөн шилтемеден көчүрүп алууга же Бишкек ш., Исанов көч., 42/1, 3-кабат дареги боюнча Коомдук саясат институтунун кеңсесинен алууга болот. Документтерди берүүнүн акыркы мөөнөтү 20-март 2013-ж. 17:00 Тандалып алынган талапкерлер маектешүүгө чакырылат.
[24.02.2ОО3] До чего же хороша жизнь Оша
[24.02.2ОО3] Предмет спора — Узенгуу–Кууш
Первое заседание в минувший четверг было посвящено ознакомлению с деталями иска. Стороны высказали свои позиции, судьи задали вопросы. У Исмаила Исакова, к примеру, вполне резонно поинтересовались: “Почему же вы (депутаты–оппозиционеры ЗС. — Авт.) своевременно не воспрепятствовали ратификации этого документа на заседании палаты?”. И получили такой ответ: “Нас, кто выступал против, было мало, а присутствие Президента на заседании создало атмосферу невозможности соблюдения регламента”. Президент у оппозиции, как всегда, повинен во всем.