Тегерек столдун стенограммасы: “Чек аралык жаңжалдар: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору”
20.11.2013
23-сентябрда Коомдук саясат институтунда “Чек аралык жаңжалдар: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору” аттуу тегерек стол болуп өттү.
Модератор: Коомдук саясат институтунун президенти Муратбек Иманалиев
Баяндамачылар:
Райимберди Дүйшенбиев, полковник, КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары
Саламат Аламанов, профессор, КРнын УИАсынын Геология институтунун география бөлүмүнүн жетекчиси, Кыргыз географиялык коомунун президенти
Таалайбек Усубалиев, Европа биримдигинин Борбордук Азияда чек араларды башкарууга көмөктөшүү боюнча программасынын (БОМКА) аймактык менеджеринин орун басары
Катышуучулар:
Айдар Амребаев, Казакстан жолун жана Биринчи Президенттин тарыхый ролун изилдөө борборунун жетекчиси, Дүйнөлүк экономика жана саясат институту, Казахстан
Элес Алижан уулу, КУУнун студенти
Элмира Арапова, «Адам жана укук» юридикалык клиникасынын жетекчиси
Анара Аширалиева, административдик ассистент (DFID)
Шерадил Бактыгулов, мамлекеттик башкаруу боюнча эксперт
Талантбек Бабаназаров, Кыргызстан эл аралык университетинин студенти
Базаргүл Досматова, Кыргызстан эл аралык университетинин студенти
Алтынай Есентаева, КУУнун студенти
Бермет Ибраева, КУУнун студенти
Расул Иманбек уулу, Кыргызстан эл аралык университетинин студенти
Максат Исаков, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламенттер аралык кызматташтык боюнча комитетинин стажеру
Нурия Каракулова, КУУнун студенти
Алан Кохи, Жаңжалдардын алдын алуу боюнча Британия корунун (ConflictPool) Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү программалык менеджери
Мурат Кошмуратов, “Тынчтык архитектурасы” коомдук корунун төрагасы
Оскар Кудашов, КУУнун студенти
Руслан Нарынов, көз карандысыз эксперт
Дмитрий Нурумов, ЕККУнун улуттук азчылыктардын иштери боюнча Жогорку комиссарынын юридикалык маселелер боюнча кеңешчиси
Эдил Осмонбетов, көз карандысыз эксперт
Никита Рыжков, КУУнун студенти
МээримТаалайбекова, КУУнун студенти
ГулдестеТажиматова, КУУнун студенти
Сардар Талантбек уулу, Кыргызстан эл аралык университетинин студенти
Нургүл Темирбекова, Жаңжалдардын алдын алуу боюнча Британия корунун (ConflictPool) долбоорлорунун координатору
Ибрагим Хавазов, КУУнун студенти
Огнян Чампоев, Европа биримдигинин өкүлчүлүгүнүн саясат бөлүмүнүн башчысы
ММК:
Аскар Акталов, «КырТАГ» МА
Нурис Алымбаев, НТС
Чолпон Аркабаева, «Aкиpress»
Ирина Байрамукова, «Деловой собеседник»
Канат Каниметов, КТРК
Гүлжан Каражанова, «Биринчи радио»
Азиза Култаева, «Азаттык» радиосу
Маргарита Коркина, НБТ
Гүлнара Мамбеталиева, «Мир» радиосу
Жакшылык Матанов, ЭлТР
Толкун Наматбаева, «Франс-пресс» МА
Евгения Николаева, «Polit.kg»
Шавкат Тургаев, «24kg»
Анна Яловкина, «Vb.kg»
Муратбек Иманалиев Тегерек столдун темасын белгилеп, баяндамачыларды тааныштырды.
Райимберди Дүйшенбиев: Урматтуу айымдар жана мырзалар, бүгүнкү күндө бүтүндөй Борбордук Азия аймагында, анын ичинде, Кыргызстанда да, коопсуздукту камсыз кылуу маселеси эң негизги жана эң актуалдуулардын бири болуп саналат. Учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы кырдаал жалпысынан туруктуу деп мүнөздөлөт.
Бүгүн Кыргызстандын коопсуздугуна коркунуч келтирген негизги жагдайлардын бири болуп, чек аралык жаңжалдар маселеси эсептелет. Борбордук Азиядагы тескелбеген чек аралык талаштар бардык мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирген олуттуу көйгөй экенин белгилей кетүү керек. Бул талаштар чечилбеген чек аралык көйгөйлөрү бар аймактын республикаларынын көпчүлүгүнө тийиштүү. Айрым чек аралык жаңжалдар боюнча эксперттер жаңы этноаймактык жаңжалдардын келип чыгуу мүмкүнчүлүгүнүн жок эмес экендигин белгилешүүдө. Мындай жаңжалдардын социалдык өбөлгөсүн калктын өсүшү жана чек аралык аймактардын экономикалык өнүгүүсүнүн деңгээлинин төмөндүгү, жумушсуздуктун (айрыкча, жаштар арасында) көбөйүшү менен мүнөздөлгөн аймактагы социалдык-экономикалык оор кырдаал түзөт.
Тездик менен көбөйүп жаткан мындай ички көйгөйлөрдүн жыйындысы менен бирге тышкы факторлор да Кыргызстандын коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурууда. Алардын ичине диний экстремизм, чек аралар ортосундагы кылмыштуулук, терроризм, наркотрафиктин өсүшү кирет. Бирок, Кыргызстан үчүн жана Борбордук Азиянын бардык республикалары үчүн эң олуттуу тышкы коркунуч катары жакынкы келечекте “афган фактору” кала бермекчи.
Бул факторлордун баарын эске алуу менен, учурда ар бир чек аралык жаңжал аймактагы жана мамлекеттеги кырдаалдын туруксуздашуусуна алып келиши мүмкүн экенин белгилей кетүү зарыл. Дал ошондуктан, чек аралык жаңжалдардын алдын алуу жана аларды болтурбоо жаатында жолдорду издөө күч түзүмдөрү үчүн да, жергиликтүү мамлекеттик түзүмдөр үчүн да жана чек аралардын жанындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн да негизги маселеге айланышы абзел.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматында бул багытта белгилүү бир иштер жүргүзүлүүдө. Чек арага жакын жашаган калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иш-чараларына өзгөчө көңүл бурулат. Бул иш-чаралар учурунда чек арага байланыштуу нормативдик-укуктук акттар, чек аралык аймакта өзүн алып жүрүү эрежелери, өткөзүү пункттары аркылуу мамлекеттик чек арадан өтүү эрежелери, чек ара кызматкерлеринин, чек арага жакын жашаган жергиликтүү элдин чек арадагы жүрүм-турум линиясы түшүндүрүлүп берилет.
Чек аралык жаңжалдар, негизинен, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларынын макулдашылбаган тилкелеринде болуп жаткандыгы эске алынып, чек ара ведомствосу эл аралык уюмдар менен кызматташтыкта эң көйгөйлүү тилкелерде, өткөрүү пункттарында чек арага жакын жашаган калкты маалымдоо жана эскертүү максатында маалымат такталары иштелип чыгып, орнотулду. Андан да, калкты өткөрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалыматтандыруу үчүн мекемебиз ММКларды жигердүү пайдаланып жатат.
КРнын Мамлекеттик чек ара кызматы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштин экинчи түрмөгү – бул күч түзүмдөрү, мамлекеттик түзүмдөр жана чек арага жакын жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө иши. Бул иш-чаралар КРнын мамлекеттик чек араларын комплекстүү башкаруу боюнча улуттук стратегияны ишке ашыруунун алкагында жүргүзүлүүдө.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мамлекеттик чек арадагы жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу топтору түзүлгөн. Топтордун курамына мамлекеттик чек араларда бөлүмдөрү бар мамлекеттик түзүмдөрдүн өкүлдөрү, о.э., жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү калктын өкүлдөрү кирет. Бул топтордун максатына мамлекеттик чек аралардагы жаңжалдарды аныктоо жана алардын алдын алуу боюнча механизмдерди калыптандыруу кирет. Кызматташтыктын мындай түрү бардык кызыкдар тараптардын потенциалын жогорулатат.
КРнын МЧКсы тарабынан жүргүзүлгөн иштердин дагы бир багыты – мамлекеттик чек араны коргоо системасынын натыйжалуулук деңгээлин жогорулатуу. Эл аралык уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жардамы менен биз чек аралык инфраструктураны жакшыртуу иштерин алып барып жатабыз. Бул иштердин алкагында кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларында жаңы чек ара бөлүмдөрү, казармалар, офицердик курам үчүн үйлөр, штабдар курулуп жатат, о.э., мурун салынган бөлүмдөрдү реконструкциялоо иши жүргүзүлүп жатат.
2010-жылга чейин өкмөттүн жардамы менен Кыргызстандын чек ара кызматы үчүн бир да субъект курулган эмес. 2010-жылы Баткен облусунун Чарбак калк жашаган пунктунда жаңы заставалар курулган. Буга 46 миллион сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнгөн. Бул мамлекеттик чек араны жакшыртуу үчүн мамлекет тарабынан акча бөлүнгөн алгачкы учур болгон.
Бүгүн чек арага жакын жашаган калктын коопсуздугун камсыздоого өзгөчө көңүл бурулууда. Буга байланыштуу кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларынын макулдашылган, дагы бир жолу баса белгилей кетейин, макулдашылган тилкелеринде инженердик жактан жабдуу иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргызстандын өкмөтү тарабынан мамлекеттик чек араны бойлой тосот дубалдарын орнотууга финансылык каражат бөлүнгөн. Чек аранын инженердик жактан жабдылышы чек ара коопсуздугунун деңгээлин бир канча эсе жогорулатат.
Мамлекеттик чек араны коргоо жаатында чек ара кызматы тарабынан да иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгын белгилей кетүү зарыл. Чек ара кызматында буга байланыштуу уюштуруучулук-штаттык иш-чаралар өткөрүлдү. Борбордук аппаратта офицердик кызматтар жана прапорщиктин кызматы кыскартылып, түздөн-түз чек араны кайтарган бөлүмдөргө өткөрүлүп берилди. Ошондой эле, чек ара заставаларындагы тилкелерде чек ара ыйгарым укуктууларынын жаңы институту киргизилет. Мурун чек ара ыйгарым укуктуулары аскер адамы болушчу, азыр болсо, өкмөттүн долбоордук буйругу даярдалып жатат. Ага ылайык чек ара ыйгарым укуктуулары чек арага жакын жашаган жергиликтүү калктын ичинен ичинен дайындалмакчы.
Мамлекеттик чек аранын макулдашылбаган тилкелериндеги жаңжалдардын санын азайтуу максатында чек ара кызматы тарабынан чектеш мамлекеттер менен кызматташууну өнүктүрүп бекемдөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул нормативдик-укуктук негизди калыптандырууну гана эмес, биргелешкен коллегияларды уюштурууну да камтыйт. Биз ушул жылы Өзбекстандын чек арачылары менен мындай коллегияны Кокон шаарында өткөрдүк. Ошондой эле, өзбекстандык, тажикстандык жана казакстандык кесиптештер менен мамлекеттик чек арада биргелешкен күзөттөр аткарылууда. Кыргыз-Кытай чек арасынын айрым тилкелеринде да биргелешкен күзөттөр жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле, августта биз кытайлык кесиптештерибиз менен биринчи жолу ШКУнун алкагында Нарын чек ара отрядынын тилкесинде (“Торугарт” көзөмөлдөп өткөрүү пункту) жана Кытай Элдик Республикасынын территориясы менен чектеш тилкеде биргелешкен чек ара машыгууларын өткөрдүк. Байкоочу өлкөлөрдүн өкүлдөрү белгилегендей, бул машыгуулар жогорку деңгээлде өттү.
Учурда биз КРнын мамлекеттик чек арасын комплекстүү башкаруу боюнча улуттук стратегияны ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруудабыз. Анын алкагында чек араларды коргоонун жаңы усул жана ыкмаларына өтүү иши гана эмес, бүткүл аймак масштабындагы интеграциялык жараяндарды камтый турган өзгөртүүлөрдү киргизүү иши да пландаштырылууда.
Чек аралык жаңжалдардын маселесин карап жатып, биз диний экстремизм, эл аралык терроризм жана норкотрафик сыяктуу коркунучтарга каршы туруу иш-чараларын карашыбыз керек. Булар Афганистан чек арасына жакын жайгашкан жана этникалык жактан ар түрдүү калкы тыгыз жашаган Фергана өрөөнүндөгү көйгөйлөрдүн аймактагы кырдаалды туруксуздаштырышы толук мүмкүн.
Андыктан, урматтуу айымдар жана мырзалар, бул Тегерек столду өткөрүү актуалдуу иш-чара болуп саналат. Мындан ары да биз маанилүү маселелерди талкуулайбыз деп ишенем. Көңүл бурганыңыздарга ыраазычылык билдирем.
Саламат Аламанов: Урматтуу кесиптештер, мен өлкөбүздүн чек ара кызматы сунган баяндаманы кунт коюу менен угуп чыктым. Мен биздин чек араларды бекемдөө иштерине көз салып турам жана, чындап эле, бүгүнкү күндө чек ара кызматы ага тапшырылган милдеттерди жемиштүү аткарып жатканын айта алам. Негизи, бул кызмат чек араны коргоо менен гана алектениши керек эле, бирок, учурда ал, биздин чек араларды бекемдөө үчүн, ага тиешелүү болбогон иштерди да аткарып жатат.
Чек арага, анын тегерегиндеги кырдаалга байланыштуу маселелер мага өтө жакын, андыктан, мен коңшу өлкөлөр чектешип турган тилкелерибиздеги азыркы абалды кандай баамдаганыма байланыштуу өзүмдүн айрым ойлорум менен бөлүшкүм келип турат.
Кийинки мезгилде биздин Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да чектешкен тилкелерибиздеги жаңжалдуу кырдаалдардын саны көбөйүп жатат, Казакстан менен чектешкен тилкелерибизде да кыйла олуттуу жаңжалдуу кырдаал сакталып турат. Бул эмнеге байланыштуу деген анализ жүргүзүп көрдүм.
Биринчи кезекте, жаңжалдуу кырдаалдардын басымдуу көпчүлүгү чек арага жакын жашаган жергиликтүү калк эми бир өлкөнүн субъекттери болбогон эгемендүү мамлекеттердин чек арасында жашап жатканына көнбөгөндүктөн улам келип чыгат.
Жергиликтүү жетекчилер жана чек арачылар жергиликтүү калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чек ара линияларын көрсөткөндүгүн билем, бирок, бул мамлекеттик чек ара экендиги, аны бузууга болбой тургандыгы биздин өлкөнүн жана коңшу өлкөлөрдүн адамдарынын аң-сезимине кире элек, ошондуктан, ал жактарда жаңжалдар көп чыгып турат.
Экинчиси, Аксы районунда болгон окуяны айтышыбыз керек. Анда эки өлкөнүн чек арачылары бири-бирине ок атып, кийин териштиргенде, ар кимиси бул тилкедеги чек ара сызыгын ар кандай түшүнгөндүгү анык болгон. Ушуга таянып, эки өлкөнүн чек арачылары да чек ара сызыгы каяктан өткөндүгүн жана эмнени кайтарышы керек экенин билишпейт деген тыянак чыгарууга болот. Чек аранын бул тилкеси боюнча акыркы чечим чыга элек болсо да, эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын ортосунда кайсы тилкелерде көбүрөөк абайлаш керек жана чарбалык иштерди жүргүзбөш керек деген макулдашуу бар.
Жарандык калк чек арага жакын аймакта жашоону билбегени же жөндөмдүүлүктөргө азырынча ээ болбогондугу башка маселе, ал эми чек арачылар, ал эмес офицерлер ошол эле тилкеде кайтарылып жаткан чек арада өзүн кандай алып жүрүү керек экендигине байланыштуу бирдиктүү түшүнүшүүгө келе албай жаткандыгы – бул өтө кооптондуруучу белги. Демек, биз бардык тараптын чек ара кызматтарында чек арачыларды чек арада өзүн алып жүрүүгө үйрөтүүгө багытталган иштерди алып барышыбыз зарыл.
Чек ара кызматынын жетекчилиги бардык жаңжалдуу кырдаалдарда, чек араны бекемдөө үчүн кандайдыр бир маселени чечиш керек болгон жагдайларда, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша, анын ичинде, финансылык мүмкүнчүлүгүнө жараша да, жумуштун толук көлөмүн аткарышат. Бирок, Райимберди Дүйшенбиев туура белгилегендей, макулдашылбаган тилкелер жаңжалдуу бойдон кала бермекчи, жана ал жерде эки тараптын тең жөнөкөй жарандары да, чек ара кызматтарынын өкүлдөрү да кагылыша бермекчи. Чек ара маселелери менен алектенген адамдар мындай тилкелерге жакын жашаган калк менен такай иш алып барып, буга дайыма өзгөчө көңүл буруулары зарыл.
Мен көңүлүңүздөрдү төмөнкү жагдайга бургум келет. Учурда республикабызда ыңгайсыз механизм түзүлгөн жана ал сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнгө далалат кылгансыйт. Бизде коопсуздук, укуктук тартип жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер-министр, Чек араларды делимитациялоо маселелери боюнча өкмөттүн атайын өкүлүнүн секретариаты, КРнын Өкмөтүнүн алдындагы чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улуттук комиссия, Мамлекеттик чек ара кызматы бар. Негизи, дүйнөлүк тажрыйбада делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүү иши ишмердүүлүктүн башка түрлөрү менен байланыштырылбайт. Биздеги бул ыңгайсыз механизм, менимче, сүйлөшүү жараянынын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратууда. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү механизми толугу менен кыйратылды. Талас облусунда аким жана өкмөттүн өкүлү макулдашылган жана ратификацияланган чек ара чийинин өзгөртөбүз деп чыккан учур катталган. Алар чийинди жылдырып, жаңы мамыларды орнотушкан.
Мен жогоруда айткандай, КРнын Өкмөтүнүн алдында чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча улуттук комиссия деген бар, бул маселелерди ошол мекеме карайт, бирок, чынында, бул өкмөттүн, президенттин жана Жогорку Кеңештин карамагындагы нерсе.
Бул окуя мени абдан таң калтырды. Кийин губернатор өзүнүн койгон колдорун танып, азыр эми чек аралар макулдашылган жерге көчүрүлүүдө. Мамлекеттик чек ара, мамлекеттик чек ара жөнүндө ратификацияланган келишим деген түшүнүктөргө карата бул эмне деген мамиле? Чек ара жөнүндө келишим денонсацияга жатпайт, жана облустун губернаторлору аны өзгөртө албайт. Негизи эле, мамлекеттик чек арага байланыштуу иштерде өкмөт эки тараптуу макулдашуулар, узакка созулган ири сүйлөшүү жараяндары жүргүзүлбөстөн, эч нерсе өзгөртө албайт.
Делегациялардын жетекчилери өзбек тарап сүйлөшүүгө келебиз деп убада кылып, анан эле сүйлөшүүлөрдүн күнүн жылдырып, анан кайра келбей калышты деп айтып жүрүшкөндөрү акылга сыйбаган нерсе. Чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдөгү жүрүм-турум, даталар алдын ала такталышы шарт. Эгерде тараптардын бири макулдашылган графикти үзгүлтүккө учуратып жатса, анда сүйлөшүү механизмдери жок дегенге жатат.
Өкмөт бул механизмдерди кайра карап чыгышы керек деп эсептейм. Мурун жөнөкөй механизм иштечү: өкмөттүк делегация жана бул делегацияны, премьер-министрди, президентти тейлеген бөлүм бар болчу. Ошондо иш алдыга жылчу.
Белгилей кетчү нерсе, 2006-жылдан бери чек арага байланыштуу сүйлөшүүлөрдүн өнүгүшүнө түрткү бере ала турган жогорку деңгээлдеги жолугушууларда эч бир олуттуу кеп козголгон эмес. 2006-жылы Ташкентте эки өлкөнүн президенти жолугушуп, кыргыз-өзбек чек арасынын 906 километри боюнча сүйлөшүүлөр мындан ары да талкууланып турат деген чечим чыгарышкан. Ошондон бери турумдардын, директивалардын өзгөрүшүнө таасир эте ала турган мамлекет башчыларынын ортосунда олуттуу сүйлөшүү болгон эмес.
Бул сүйлөшүүлөрдө биз кайда бараарыбызды түшүнүш үчүн мен биздин жетекчилерибиздин ар бир жолугушуусуна абдан кызыгуу менен көз салып турам. Айтаарым, азырынча чек ара маселесине олуттуу мамиле жок. Менимче, буга «коркуу симптому» себеп болууда, себеби, чек ара маселесин чечкенде калк тарабынан ири нааразычылык толкундары болот. Биз чек ара маселеси боюнча бардык чечимдерди терс кабыл алууга элди көндүрүп алдык. Бийликте калууну каалаган адамдар чек ара маселелеринин алардын тушунда кызыкдар эмес.
Мен учурдагы кырдаалды ушундай баалайм, жана бийлик бул маселелердин бардык деңгээлде чечилиши үчүн кардиналдуу чараларга барбаса, чек арабызда жаңжалдуу кырдаалдар кайра-кайра чыга берет деп ойлойм.
Бул маселелерди чечүү жаатында эки өлкөнүн жетекчиликтери ортосунда тыгыз иштешүү болбой жаткандыгына карабастан, жогорку деңгээлдеги жетекчилерибиз эл менен жолугушканда ушул жылы Өзбекстан менен чек ара чийиндерин макулдашууну акырына чыгарабыз деп убада бере беришет. Аларга мындай маалыматты ким берип жатканына түшүнбөйм. Алар эмнеге мындай билдирүүлөрдү жасашат? Ушул жылы делимитацияны бүтүрөбүз деп убада берген элдин көзүн кантип карашат кийин? Чек арада 60ка жакын талаш тилке бар, аларга байланыштуу талкуулар кыйла узакка созулууда, эки өлкөнүн турумдары бири-бириникинен кескин айырмаланууда, анан эле бир жылда баары кандайча чечилип калат? Популизмдин да чеги болушу керек да.
Менимче, эң чокудагылардан баштап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн эксперттерге чейинкилердин бардыгы өз турумдарын, мамилелерин, бардык деңгээлде колдонулуп жаткан директивалардын аткарылышын, директивалардын өздөрүн карап чыгуулары керек окшойт. Бул иш аткарылбаса, биз бул жаңжалдардын сазынан чыга албайбыз. Бийлик чек арага кандай мамиле кылса, эл да ошондой мамиле кылууда.
Таалайбек Усубалиев: Оболу, бул Тегерек столго катышууга чакырганыңыздарга ыраазычылык билдирип кетмекчимин.
Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары айтып кеткендей, Кыргызстандын экономикалык абалын эске алганда, эл аралык коомчулук тарабынан берилип жаткан жардам биз үчүн абдан маанилүү.
Мен БОМКА программасын – Борбордук Азияда чек араларды бекемдөөгө көмөктөшүү программасынын өкүлүмүн. Бул программа Европа биримдиги тарабынан каржыланат жана БУУнун өнүгүү программасы тарабынан ишке ашырылат.
БОМКАнын мисалында чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесине оң таасирин тийгизип жатканына байланыштуу бир канча жагдайды айта кетким келип турат. Сөзүмдүн акырында болсо конкреттүү жыйынтыктарга багытталышы керек болгон кызматташуунун дагы да натыйжалуу болушуна тоскоолдук жараткан көйгөйлөргө токтолмокчумун.
Биздин пикирибизде, чек араны башкаруу эки турумдан аныкталат жана түшүнүлөт, эки бирдей маанилүү максат көздөлөт. Бир жагынан, чек ара коопсуздугун камсыздоого аракет жүрөт, бирок, ошол эле учурда, мамлекеттердин экономикалык өнүгүүсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү аракети көрүлөт. Мамлекеттик чек ара бөлүүчү чийин эмес, бириктирүүчү, өнүктүрүүчү чийин болушу керек. Коопсуздук жана өнүгүү маселелери – бир эле тыйындын эки бети.
Чек араларды комплекстүү башкаруу – бул Кыргыз Республикасы тарабынан изилденген Европа биримдигинин эң жакшы тажрыйбаларынын бири. Көпчүлүккө маалым болгондой, өткөн жылы БОМКА программасынын техникалык көмөгү менен түздөн-түз кыргызстандык эксперттер тарабынан иштелип чыккан КРнын мамлекеттик чек араларын комплекстүү башкаруу боюнча улуттук стратегия жана Улуттук иш-аракеттердин планы кабыл алынган.
Бул жерде негизги үч багыт бар: мекеме ичиндеги кызматташтык; мекемелер аралык жана эл аралык кызматташтык. Чек араларды комплекстүү башкаруу – бул тигил же бул маселелерди чечүү үчүн мамлекетте болгон күч жана каражаттарды натыйжалуу колдонуу.
Башкаруу жараянынын негизги көйгөйлөрү: мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо; мамлекеттик чек арадагы чыңалган кырдаал; этникалык жаңжалга жана бюрократиялык процедура менен жемкорлук элементтерине байланыштуу чек арадан өтүүдөгү чектөөлөр; чек аранын жанындагы соодага жана бизнеске тоскоолдук; баяндамачылар айтып өткөн коопсуздук маселелери.
Биздин программанын негизги элементтери: Улуттук стратегиянын, иш-аракеттер планынын иштелип чыгышын өз алкагына камтыган институционалдык өнүгүү жана чек ара коопсуздугун камсыздоо системасын мындан ары өркүндөтүү, экономикалык өнүгүү үчүн шарттарды түзүү; баңги заттар менен күрөшүү потенциалын күчөтүү; чек ара пункттарын жана заставаларын бекемдөө; кесиптик жөндөмдөрдү жогорулатуу.
БОМКА программасы тарабынан Чек ара коопсуздугун камсыздоо боюнча “Ысык-Көл демилгеси” деп аталган жыл сайын өтүүчү салттуу аймактык жолугушуу уюуштурулуп жатканын жана ага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери катышып жатканын белгилей кетейин.
Ушул жылы август айынын аягында биз ушуга окшош конференция өткөрдүк. Айтайын дегеним, бул конференциянын айырмасы – биз негизги эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн Ооганстандан чыгарылышын утурлай 2014-жылга пландалган иш-чараларга байланыштуу Ооганстан Республикасынын чек ара кызматынын жетекчилигинин делегациясын да чакырдык.
Кыргызстан менен Ооганстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери телефондук байланыш аркылуу такай маалымат менен, Кыргызстандын жана Ооганстандын чек араларындагы кырдаалдын өнүгүшүнө байланыштуу көрүмдөр менен бөлүшүп турууга макулдашышты.
КРнын мамлекеттик чек араларын комплекстүү башкаруунун улуттук стратегиясын иштеп чыгуу үчүн Роза Отунбаева түздөн-түз Москва чек ара институтун артыкчылык менен аяктаган, Венгрия чек ара коргоосунун европалык стандарттарга өтүшүнүн башатында турган генерал-лейтенант Иштван Шаму башында турган Европа биримдигинин делегациясы менен жолугушкан. Иштван Шаму орусча мыкты сүйлөйт, мурунку Советтер Союзунун чек ара коопсуздугун камсыздоо системасынын өзгөчөлүктөрүн жакшы түшүнөт, ошол эле учурда, өзүнүн чек ара кызматын реформалоо жаатында ири тажрыйбага ээ. Арийне, бул тажрыйба абдан пайдалуу жана баалуу.
Биз, ошондой эле, Фергана өрөөнүндө чек ара жаңжалдарынын алдын алуу жаатында да кыйла чоң жумуш жүргүзөбүз. Согд жана Баткен облусунун өкүлдөрүнүн ортосунда такай иш жолугушуулары өтүп, аларга чек арадагы көзөмөл органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана өкүлдөрү жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү катышышат. Бул чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуу аянтчасы.
Негизги максат – этникалык жаңжалдарды чечүү жана алардын санын азайтуу максатында чек арага жакын жайгашкан коомчулук менен болгон диалогду жана мамлекеттик чек арадагы көзөмөлдөө органдарынын ортосундагы диалогду өнүктүрүү.
БОМКА программасынын ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыгы: учурда ишке ашыруу баскычында турган стратегия иштелип чыгып, кабыл алынды. Эки өткөрүү пункту курулду: Алма-Ата жолундагы “Ак-Жол-автожол” жана Ош облусундагы “Кара-Суу-автожол”; баңги заттарды тескөө боюнча эки бөлүмчө курулду: Бишкекте жа “Кайыңды-темир жол”.
Чүй чек ара отрядынын базасында Новопокровка айылында окутуу борбору курулуп, ал жакта такай кадрларды даярдоо өтөт. Ош шаарында окутуу борборунун филиалы курулду. Ал жерде фитосанитардык, санитардык, карантиндик көзөмөл жүргүзүү үчүн бөлүнүп берилген класстар, лабораториялар жигердүү пайдаланылып жатат.
Мамлекеттик бажы кызматы үчүн Ленинское айылында кинология борбору түзүлдү. Белгилей кетчү жагдай, ал азыр мекемелер аралык мүнөзгө ээ болду – ал жерде КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерлери да окуудан жана даярдоодон өтүп жатышат. Ошондой эле, Ош шаарында да кинология борбору курулду.
Бул иш-чаралардын баары кесиптик жөндөмдөрдү жогорулатуу боюнча кыйла чыңалган окутуу элементи менен эриш-аркак жүргүзүлүүдө.
Бул мөөнөт ичинде БОМКА программасы тарабынан Кыргыз Республикасына 6 миллионго жакын евро бөлүнүп берилди.
Албетте, БОМКА программасы Борбордук Азиянын бардык аймактар аралык институттары менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барганга аракет кылат. Биздин программа аймактык мүнөзгө ээ жана ага ылайык Казакстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда белгилүү бир ишмердүүлүк жүргүзүлөт.
Мындан ары өзүбүздүн программалардын алкагында биз Борбордук Азия мамлекеттеринин чек ара кызматтарынын да, бажы кызматтарынын да окуу жайларынын потенциалын жогорулатууну; кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү жаатындагы иштерди улантууну пландап жатабыз.
Маалым болгондой, Ооганстан көйгөйлөрү барган сайын актуалдашууда. Борбордук Азия мамлекеттеринин бул республика менен тыгыз байланышып, кызматташышы бүгүнкү күндө кыйла актуалдуу нерсе.
Кыргыз Республикасы менен эл аралык коомчулук ортосунда, менимче, чындап эле көйгөйлөр бар, мен ошолорго токтолгум келет. Бул көйгөйлөр дагы да конкреттүү жыйынтыкка, так белгиленген максаттарга багытталган натыйжалуу кызматташтык жана иштешүүгө кандайдыр бир тоскоолдуктарды жаратууда.
Мамлекет тарабынан алынып жаткан эл аралык жардамдар жетишсиз деңгээлде координацияланып жатат. Кыргызстан – алып жаткан тарап да. Ал бардык донорлорду, эл аралык уюмдарды багыттап, өзү кызыкдар болгон тармактарды так белгилеши абзел. Бирок, тилекке каршы, бул иш дайыма эле аткарыла бербейт.
Ошондой эле, мамлекет ичинде кызыкдар министрликтер жана мекемелер ортосунда да координация жетиштүү эмес. Мамлекеттик бажы кызматы өзүнүн көрүмүнө жараша иштеп жатат, Мамлекеттик чек ара кызматынын да чек араларга карата өз көз карашы бар. Ошентип, көбүнчө кайталануу, кандайдыр бир кызыкчылыктардын кесилиши орун алып, натыйжада, бөлүнгөн каражат анча майнаптуу пайдаланылбай калат. Кыргызстандын аймагында иштеп жаткан донорлордун, эл аралык уюмдардын, программалардын, долбоорлордун ортосундагы координация да жетиштүү деңгээлде эмес.
Донорлор, эл аралык уюмдар дайыма эле мамлекеттин чыныгы артыкчылыктуу багыттарын эске ала бербегенин белгилеп коюшум керек. Жолугушууларга делегациялар келип, аларга ой-пикирлер айтылып, үстүндө иштөө зарыл болгон тигил же бул артыкчылыктуу багыттар белгиленет. Бирок, тилекке каршы, эксперттер ал жолугушуулардан кайтып келгенде дайыма эле чындап ишке ашырылышы керек болгон багыттарды жаза беришпейт.
Эл аралык уюмдар ойдогудай ийкемдүү эмес жана мамлекеттеги тездик менен өзгөрүп жаткан кырдаалга реакция кылганга жетишпей калып жатышкандыгын эскерте кетүү зарыл. Мисалы, азыр БОМКА программасы сегизинчи фазада, кийинки жылдын ортосунан тартып тогузунчу фаза башталат. Эки жарым жыл мурунку имплементация учурунда жазылган ишке ашырылышы керек болгон нерселер учурда актуалдуу эмес, себеби, Кыргызстандагы жараяндар кыйла динамикалуу.
Мамлекет тарабынан алынып жаткан эл аралык жардамдын натыйжалуулугу толугу менен бааланбайт. Мамлекетибизде алынган бардык эл аралык жардамды анализдей ала турган жана тийиштүү сунуштоолорду киргизе ала турган, б.а., эл аралык уюмдарды, донорлорду багыттап, чыныгы көйгөйлөрдү белгилей ала турган институт жок экенин айтып кетмекчимин.
Шерадил Бактыгулов: Адамдар жашабаган, узактагы, чөлдүү ж.б.у.с. тилкелерде чек ара чийинин кыйынчылык менен болсо да, аныктоо мүмкүн. Муну Борбордук Азиянын ар кыл өлкөлөрүнүн ортосундагы делимитациялоо жана демаркациялоо келишимдеринен көрсө болот.
Бирок, Борбордук Азиянын калкы эң тыгыз жайгашкан бөлүгү болгон Фергана өрөөнүндө чек араларды делимитациялоо маселеси абдан көйгөйлүү, ал эмес туңгуюктуу дей турган деңгээлде татаал. Бул жерде калк абдан тыгыз жайгашкан, анын үстүнө 10 миллиондун 9 миллиону кедейликте өмүр сүрүшүүдө.
Жер абдан тартыш. Буга ар кыл өлкөнүн жарандарынын улутчулдугун кошо турган болсок, анда чек аранын ар бир чийини сөзсүз калктын нааразычылыгын туудурат, ал эми бул болсо, белгилүү бир шарттарда жергиликтүү элдин өз өлкөсүнүн бийлиги менен болгон каршылаштыктын жана Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы чыңалуунун өсүшүнө алып келиши мүмкүн.
Кырдаалдын мындай өнүгүшүн түшүнгөндөр бар. Муну эске алганда, Борбордук Азиядагы чек ара маселелеринин чечилишинин эки жолу бар.
Биринчи чечим – “Чектерди белгилөө керек, калтырууга болбойт”
Чектерди Борбордук Азия мамлекеттеринин жетекчилеринин саясий эрктеринин негизинде белгилөөгө болот. Бул мындай чечүү жолунун жалгыз сценарийи. Эске сала кетсем, Кытайдын Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан менен чек араларын делимитациялоого саясий эрк мүмкүнчүлүк берген.
Эгер саясий эрк болбосо, анда тараптар бири-бирине жерлердин “эзелкилиги” тууралуу жүйөлөрдү келтирип жүрө беришет.
Бүгүнкү күндө ар бир өлкө ээ болгусу жана тескегиси келген аймактын баарын “эзелтен бери өзүнүкү” деп эсептейт. Андыктан, “эзелкилүүлүктүн” алкагын Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жетекчилеринин эрктүү чечими менен гана белгилөөгө мүмкүн.
Калганынын баары сүйлөшүү тараптарынын ишендирүү усулдарына тиешелүү.
Экинчи чечим – “Чектерди белгилөөгө болбойт, калтыруу керек”
Бул чечимдин негизин мамлекеттер ортосундагы чек араны “өчүрүү” түзөт. Мында беш сценарий каралат.
Төрт сценарий бир борбордун тегерегинде концентрацияланууга негизделет. Биргелешкен чарбалык ишмердүүлүк кызматташтыктын негизи болушу мүмкүн, ал эми анын жогорку деңгээли улуттук мамлекеттердин чек араларынын “өчүп калышына” алып келет.
Бешинчи сценарий – бул Борбордук Азия мамлекеттеринин “уруулук” аймактарга бөлүнүшү.
Ар бир сценарийдин өзгөчөлүктөрү бар, бирок, убакыттын чектелгендигин эске алып, мен негизги учурларды гана белгилеп өтөйүн.
1. «Ре-интеграция». Борбордук Азиянын “локомотиви” катары Орусия менен болгон саясий, аскердик жана экономикалык байланыштарды калыбына келтирүү.
2. «Синборбордук Борбордук Азия» – биринчи сценарийге эле окшош, болгону Орусиянын ордуна Кытай келет.
3. «Өз алдынча интеграция» – Борбордук Азиянын беш өлкөсү Ооганстан, Пакистандын түндүгү жана Иран менен биригет.
4. «Халифат» – барган сайын адамдардын көбү көйгөйлөрүнүн чечилишин исламда көрө башташты. Ири көйгөйлөрдүн чечилишин алар кескин исламчылар демилгелеп жаткан ислам мамлекетин курууда көрүшөт. Саясий ислам, согушчулардын жигердүүлүгү жана калктын үнсүз колдоосу алгач Фергана өрөөнүндө, анан Борбордук Азияда “Халифаттын” курулушуна, андан соң КЭРда СУАРдын, Орусияда болсо Алтай, Тува, Хакасия жана Якутиянын “халифатташышына” алып келиши ыктымал.
5. «Саясий коллапс» – Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү жетекчиликтердин алмашышы “талаа” командирлеринин аймактарынын пайда болушуна алып келет.
Борбордук Азия өлкөлөрү шайлоо циклине кирип жатканын эстен чыгарбоо керек.
— 2013-жылдын ноябры — Тажикстанда президенттик шайлоолор,
— 2014-жылы Өзбекстанда парламенттик жана 2015-жылы президенттик шайлоолор,
— 2016-жыл – Казакстандын президенттик шайлоолору жана 2016-жылдын ноябрынан кеч эмес мөөнөттө парламенттик шайлоолор,
— 2015-жыл – Кыргызстанда парламенттик, 2017-жылы болсо президенттик шайлоолор.
Саясий кагылыштардын алгоритми иштелип чыккан: шайлоолордун расмий жыйынтыктары жасалма деп табылып, жер-жерлерде бийликке “талаа” командирлери келет, мамлекеттик чек ара экинчи планга жылып, биринчи планга болсо “талаа командирлери” белгилеген чек аралар чыгат.
Эки чечимдин ичинен экинчиси көбүрөөк ыктымалдуу – бардыгы кандай болсо, ошол бойдон калтырылат. Экинчи чечимдин сценарийлеринин ичинен болсо, экинчиси жана бешинчиси көбүрөөк ыктымалдуураак.
Экинчи сценарийге байланыштуу, маалым болгондой, 2013-жылдын сентябрь айында Кытай Борбордук Азия өлкөлөрү менен мурун болуп көрбөгөн суммага – 100 млрд. АКШ долларына келишимдерге кол койду. Жылдап “таар астында” жаткан бир катар долбоорлор боюнча келишимдерге кол коюлду. Биринчи кезекте, газ түтктөрүнүн жана Кытайга унаа жолдорунун салынышы.
Бешинчи сценарийге токтолсок, Борбордук Азия шайлоо циклинин туу чокусуна 2014-2015-жылдарда жетет. Бул кырдаал “араб жазы” деп аталган өлкөлөрдөгү шайлоолордун туу чокусун эске салат. Эгер мурун жорума жана чыныгы жасалмалоолорго болгон нааразычылыктар бир өлкөдө өткөн болсо, 2011-жылдагы “араб жазы” мындай толкундоолорду бүтүндөй чөлкөм масштабында уюштурса боло тургандыгын көрсөттү.
Арабдардын шайлоолорду жасалмалоого жана “узакка отуруп алган” саясатчыларга чыгышы бир катар өлкөнүн жетекчилигинин алмашышына, экономиканын кайрадан бөлүштүрүлүшүнө, Сириядагы жарандык согушка жана Египеттеги аскердик төңкөрүшкө, бийликтин кескин исламчылдарга өтүшүнө алып келгенин эске сала кетейин.
Эки сценарий бири-бирин жокко чыгарбайт. Тескерисинче, алар бири-бирин толукташы мүмкүн.
Демек, жакынкы 20 жыл ичинде Борбордук Азиянын чордонунда чек ара чийиндерин белгилөө иштери акырына чыгарылбайт.
Андыктан, Фергана өрөөнүндө тынчтыкты сактап калуу негизги максат бойдон кала бермекчи. Бул аскердик, чек аралык жана полициялык чараларды да камтыйт, мисалы, блокпостторду куруу, тосмо жабдыктарын орнотуу, агентуралык иш. Ошондой эле, экономикалык чаралар кирет – чек аралык аймактагы соода үчүн логистика, жолдорду, кичи станцияларды жана электр кубатын жеткизүү линияларын куруу.
Оскар Кудашов: Мен урматтуу Таалайбек Усубалиевге кайрылгым келет. Сиз көйгөйлөрдүн бири катары алынып жаткан жардамдын натыйжалуулугу мамлекет тарабынан бааланбай жатканын айтканыңызды эске алганда, Европа биримдигинин чек араларды башкарууга көмөктөшүү боюнча программасынын (БОМКА) жүргүзүлүшү актуалдуубу?
Таалайбек Усубалиев: Кыргызстан бул жардамдын негизги алуучусу катары тигил же бул жардам канчалык натыйжалуу болгонуна, ал канчалык пайдалуу экенине чыныгы жана толук баа берип, мындан аркы өнүгүүнүн багытын белгилеши керек, кеп мына ушунда.
Биз, тилекке каршы, дагы эле мындай анализ ала элекпиз. Чынын айтканда, кээде биз айрым маселелерге ашыкча дипломатиялуу, кээде болсо, өтө жөнөкөйлөтүлгөн мамиле кылабыз. Бул жагынан алганда бул актуалдуу, себеби, эл аралык шериктештер үчүн деле алуучунун турумун билген учурда иштөө оңоюраак болот да.
Эдиль Осмонбетов: Менде абдан маанилүү жана көп талкууланган үч суроо бар.
Биринчиси. Айрым орусиялык эксперттер эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, Борбордук Азиянын чек ара маселелеринин көбү чечилет деп айтышууда. Балким, биздин чек араларды коргоодо орусиялык чек арачылар катышаттыр.
Экинчиси. Борбордук Азияда жана Европада Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чек ара маселелерин азыр чечүү мүмкүн эмес, анткени, баары өзгөрүүдө жана коңшулар белгилүү бир окуяларды баштан өткөрүшөт, чек аралар убактылуу болуп, кийин аларды кайрадан чийүү мүмкүнчүлүгү пайда болот деп айткан эксперттер бар. Бул маселе боюнча силердин оюңар кандай?
Үчүнчүсү. Мен Таалайбек Усубалиевдин кээде биз чек ара маселелеринде ашыкча дипломатиялуулук менен мамиле кылып жатабыз дегенине кошулам жана чектеш мамлекеттер соймологон делимитация жүргүзүп, алар бара-бара чек араларды жылдырып жатышат. Мындай көрүнүш көбүнчө түштүктө байкалат жана жергиликтүү бийлик же чек ара кызматтары дайыма эле талаш тилкени Кыргызстанга кайрып алышууда деп айта албайбыз. Муну менен кантип күрөшүү керек?
Саламат Аламанов: Абдан актуалдуу маселелер. Чындап эле, дүйнөнүн көптөгөн аналитиктери биздин чек ара жана суу маселелерибизге кайрылышууда жана бул окуялардын өнүгүшү боюнча ар кандай болжолдорду айтышууда.
Бажы биримдигине кирсек, чек ара маселелери автоматтык түрдө чечилет дегендерге кошулбайм. Себеби, Борбордук Азиянын ар кайсы өлкөсүнүн өкмөттөрү жана жетекчиликтери Орусияга жана анын биздин чөлкөмдөгү таасирине ар кандай мамиле кылышат. Өлкөлөрдүн баары Орусиянын кеңештерин, чечимдерин жана тилектерин кыйшаюусуз кабыл ала башташат деп айтууга болбойт.
Бажы биримдигине кирүү боюнча ар кандай оң жана терс баалоолор бар, мен экономика тармагында адис эмесмин, андыктан, бул маселе боюнча ой бөлүшпөй эле коеюн.
Чек аралар келечекте, балким, азыркыдай олуттуу роль ойнобой калышы мүмкүн дегенге кошулам. Азыр дүйнөдө чек аралар шарттуу чийиндерге гана айлана баштаган жараяндарды байкаса болот. Конкреттүү чөлкөмдөрдөгү көптөгөн мамлекеттердин өкмөттөрү өздөрүнүн чек араларын шарттуу чийиндерге айландырды. Буга эң көрүнүктүү мисал – бул Европа биримдиги.
Мен көбүнчө биздин чөлкөмдө чек арасыз жашоо жаатында көбүрөөк тажрыйбабыз бар деп айтам. Эгер мамлекеттик жетекчилердин деңгээлиндеги түшүнүшүү ыктыярдуулук жана достук мамилелердин деңгээлине жеткен учур келе турган болсо, бизде да чек аралардын ордуна шарттуу чийиндер пайда болушу мүмкүн.
Сойлогон делимитация тууралуу. Мен бул маселелер менен алектенгем. Бул жергиликтүү бийликтин жана жергиликтүү коомчулуктун деңгээлинде жүргөн жараян. Кайсы бир айылда 22 үй коңшу өлкөнүн жарандарына сатылды деген сигнал түшөт. Биз териштиргени ал жакка барабыз да аягын-учун таппай калабыз. Ал үйдө башка өлкөнүн жараны жашап жаткан болот. Ал бул жерде жашабаганын, досунун суранычы менен иштегени келгенин айтат. Биз арыз жазган адамдарды таппай калабыз.
Ушундай болуп жатканын баары эле сезип, түшүнүп турат, бирок, биздин мыйзамдарга ылайык муну аныктап, чара көрүү иш жүзүндө мүмкүн эмес. Мындай көрүнүштөр 15 жылдан бери болуп келет, БОМКА программасынын адистери дагы муну жакшы билишет, себеби, бул алар чечиши керек болгон, бирок, чечилбей жаткан маселелердин бири. Сойлогон миграция жана сойлогон делимитация деген бар, бирок, аны аныктоо мүмкүн эмес.
Муратбек Иманалиев: Кай бир жерде чек аралар шарттуу түрдө же жокко чыгарылган деген тезиске кошулбайм. Мен чек аралар боюнча адис эмесмин, бирок, Европада чек аралар юридикалык жактан катталган, делимитацияланган жана демаркацияланган.
Европа биримдигинин түзүлүшү менен бажылык жана фитосанитардык чек ара деген түшүнүктөрдүн жок болушу башка кеп, бирок, бул кичине айырмалуу нерсе жана абдан оңой эле калыбына келтирилет. Ошол эле Европа биримдигинде, т.а., Германияда, бул институттарды калыбына келтирүү боюнча чакырыктар айтылууда.
Эски механизмдерди калыбына келтирүүнү демилгелеп чыккан партия Бундестагда көрсөтүлгөнгө аз калган. Менимче, ошондо евродон бажылык чек арага бир эле кадам калган. Бул суроо «nationstate» деп аталган эгемендүү мамлекеттин жоюлушуна байланыштуу маселени теориялаштырууга барып такала турганын түшүнүп турам. Бирок, бул маселе Европадагы мамлекет жана укук теориясына тиешелүү. Эгер Азия менен Африканы ала турган болсоңор, анда бул маселе козголбойт дагы. Азиядагы, Африкадагы жана Латын Америкасындагы чек аралардын катаал делимитациясы жана демаркациясы – бул тарыхтын башатынын маселеси.
Талантбек Бабаназаров: Биз бүгүн чек ара маселелерин талкуулап жатабыз, бирок, нейтралдык аймактар жөнүндө эч кеп козголгон жок. Бул тууралуу эмне айта аласыңар?
Райимберди Дүйшенбиев: Биздин элде нейтралдык аймак деген түшүнүк пайда болду. Нейтралдык аймак деген нерсе жок.
Чек ара – бул чийин. Бир тарабы – бул Өзбекстан, экинчи тарабы – бул Кыргызстан ж.б. андыктан, нейтралдык аймак деген жок, чийин, чек ара гана бар.
Бул маселе боюнча көптөгөн көйгөй жана суроолор жаралат. Мен жана айтып өткөндөй, биз инженердик иштерди жүргүзүп, чек арадагы территориянын биз тарабына тосмо дубалдарды орнотобуз. Көптөгөн тургандар бул дубалдарды чек ара деп эсептешет, бирок, булар чек ара эмес, чек ара рельефке жараша дубалдардан 5-6 метр аралыкта белгиленет. Территорияда биздин чек арачылар, чек ара кызматынын унаалары үчүн мейкиндик болушу керек.
Келечекте, делимитациялоо аяктагандан кийин, демаркациялоо жүрүшү керек, жана биз чек ара мамыларын орнотушубуз керек. Адамдар тосмо дубалдар, чек ара жана өткөрүү пункттарынын ортосундагы территорияны нейтралдык аймак деп ойлошот. Эки бажы ортосундагы территория да нейтралдык аймак эмес, ал жерде да чийиндер бар. Чийинге чейин – Кыргызстан, чийинден ары – Казакстан жана башка өлкөлөр. Дагы бир жолу белгилей кетейин, нейтралдык аймак деген нерсе жок, чек ара – бул чийин, мына ушуну туура түшүнүш керек.
Руслан Нарынов: Менин суроом Саламат Аламановго. Шерадил өлкөбүздүн түштүгүндө, б.а., Фергана өрөөнүндө, чек арага байланыштуу кырдаалды өз агымына коюшту деп айтты. Борбордук Азиянын дээрлик бардык өлкөсүндө шайлоолор жакындап келе жатат. Бул маселелердин чечилишин кандай элестетесиз? Балким, жергиликтүү калк жергиликтүү коомчулуктардын деңгээлинде борбордук бийликтин катышуусу жок эле бул маселелерди өздөрү чечип алабы? Маалым болгондой, анклавдардагы калк Ташкенттеги болобу, Душанбедеги болобу, борбордук бийликке дээрлик баш ийбейт. Бул көйгөйдүн чечилиш перспективасы кандай болот деп ойлойсуз?
Шерадил Бактыгулов: Тактап кетейин, мен Фергана өрөөнүндөгү кырдаалды өз агымына коюшту деп айткан эмесмин. Чек ара маселелерин өз агымына коюшпайт, ал жерде, чындап эле, кандайдыр бир иштер аткарылууда, ал эми логикалык бир чечимдин жоктугу – бул башка маселе.
Саламат Аламанов: Кызыктуу суроо болду, бул көп эле талкууланып жүрөт. Чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн кабыл алынган жалпы эрежелери бар. Эгер эки тарап тең бул эрежелерге баш ийсе, анда сүйлөшүү механизми ишке кирет. Мындай эреже бар: чек ара маселелерине байланыштуу сүйлөшүү жараянын токтотууга болбойт, сүйлөшүүлөрдүн ортосундагы аралык мөөнөттү узун кылса болот, бирок, сөзсүз кезектеги жолугушууга мүмкүнүчүлүк калтырыш керек. Биздин бийлик экинчи тарапты үч жолу сүйлөшүүгө чакырганын, беркилер макул болуп, бирок, алардын өкүлдөрү келбей жатканын айтып жатышат. Менимче, бул кооптондуруучу белги. Же биздин коңшулар алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан биздин өкүлчүлүктү тааныбай жатышат, же аларда ушундай жол менен чечүүнү каалаган өздөрүнүн ички маселелери бар.
Дүйнөлүк коомчулукта чек ара меселелерин чечүү боюнча колдонулуп жүргөн механизмди пайдаланыш керек деп ойлойм. Ар бир өлкөнүн конституциясында мындай маселелер менен ким алектениши керек экени белгиленген. Ушундай деңгээлде иш алып баруу кажет. Бул маселелерди чечүүгө милдеттүү болгон киши аларды чечиши зарыл. Ал бул механизмди түзүп, анын иштешин көзөмөлдөп, өзүнүн мамлекетинин кызыкчылыктарын жакташы керек. бул көйгөйдү ушундай жол менен гана чечүүгө болот.
Райимберди Дүйшенбиев: Жакында мен чек араларды делимитациялоо иштери боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров менен сүйлөштүм. Кандайдыр бир иш жүргүзүлүп жатат. Сентябрдын биринчи жарымында ал Анжыянга барыптыр. Оң баа берчү учурлар бар. Кай бир маселе боюнча макулдашып, кай бир маселе боюнча иш-чараларды бирге пландашыптыр. Чек ара маселелерин эч ким өз агымына коё бере элек деп эсептейм.
Экинчиси. Аксы районунун аймагында Жети-Загар жергесинде болуп өткөн окуяга токтолоюн. Сиз туура белгилегендей, бул тилке макулдашылган эмес, делимитацияланган эмес, бирок, иш жүзүндө бул жерде мамлекеттик чек араны коргоо жүргүзүлүп жатат. Баарына маалым болгон ок атышуу болгондо, Кыргыз Республикасынын чек арачылары мамлекеттик чек араны бузушкан эмес, ар бир чек арачы бул тилкени жана мамлекеттик чек ара өткөн чийинди жакшы билет. Кызматка дайындалганда застава башкармалыгынын зардалы жана анын орун басары мамкаттоонун жергиликтүү деңгээлдеги өкүлдөрү менен бирге мамлекеттик чек аранын ар бир метрин жөө басып чыгышат.
Жакшылык Матанов: Сиз күнөө өзбек тарапта болчу деп жатасыз. Өзбек тарап кандай реакция кылды?
Райимберди Дуйшенбиев: Өзүңөр билгендей, өзбек тарап өздөрүнүн чек арачылары Кыргызстандын чек арасын бузган эмес деген турумду карманып жатат. Бирок, окуя болгон жерде биздин МЧКнын төрагасы жана Өзбекстандын чек ара кызматынын жетекчиси жолукканда, биздин чек арачылар атышуу болгон жерди көрсөтүп беришкен. Биз биргелешкен тергөө жүргүзүүнү каалаганбыз, бирок, өзбек тарап андан баш тартты, себеби, тергөө башталса, өзбек чек арачылар биздин чек араны бузуп өткөндүгү тастыкталмак.
Муратбек Иманалиев: Урматтуу кесиптештер, достор жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, Институтубуздун жана бардык катышуучулардын атынан баяндамачыларыбызга бүгүн окуп берген билдирүүлөрү үчүн ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер. Алар бизге чек араларды тартипке келтирүүгө, чек ара тилкелеринде чыгышы мүмкүн болгон кандайдыр бир жаңжалдарга жана чек ара аймагындагы адамдардын жашоосуна байланыштуу айрым татаал маселелерди түшүндүрүп беришти. Мен чек арага жакын жашаган адамдар тууралуу гана эмес, ал жакта иштегендер – чек арачылар, аскердик кызматтагылар, бажы кызматкерлери ж.б.у.с. жөнүндө да айтып жатам.
Чек араларды тескөө эл аралык мамилелер системасында эң татаал, кылдат жана талуу маселелерге киргизилет деген жалпыга маалым тезисти кайталап өтөйүн. Кээде он жылдап чечилбеген маселелер болот. Европанын, Азиянын жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы муну айгинелеп турат.
Айрым чек ара көйгөйлөрү олуттуу согуштук жаңжалдар менен аяктаганы маалым.
Борбордук Азиянын чек араларынын тагдыры өтө татаал. Бул чек аралар бир чоң өлкөнүн субъекттеринин ортосундагы административдик чек аралар катары чийилген. Кээде бул чек аралар эч негизсиз эле чийиле берген. Советтер Союзунда ири аймактар бир республикадан экинчисине берилип кеткен учурлар болгонун баарыңар билесиңер.
Эгемендүүлүк жылдарында Борбордук Азия мамлекеттеринин баары мамлекеттик чек араларды делимитациялоо, демаркациялоо көйгөйлөрүнө дуушар болду. Кыйла олуттуу жарандык коом түзүлгөн биздин мамлекет сыяктуу өлкөлөрдө, коомчулуктун пикири менен эсептешпестен мындай көйгөйлөрдү чечүү кыйла оор экенин, ал эмес чек араларды тескөө деп аталган теманы аныктоого далалат кылуу да кыйын экенин эске алуу керек. Бирок, ошону менен бирге мындай кырдаал чек араларды тескөөнүн, чек аралык аймактардагы жаңжалдарга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүнүн позитивдүү жолдорун табууга шарт түзөөрүнө терең ишенем. Биздин өлкөнүн тийиштүү кызматтары жана өкмөттүк мекемелери, айтылып жаткан сындарга карабастан, кыйла аз маяна үчүн татаал тилкеде иштеп, менимче, өз милдеттерин кыйла жакшы аткарып жаткандыгы өтө маанилүү нерсе. Бул үчүн биз аларга ыраазы болушубуз керек деген ойдомун.
Ошондой эле, биз бул маселелерге түшүнүү менен мамиле кылып, бул көйгөйлөрдү чечүүдө өкмөткө, жергиликтүү калкка көмөк көрсөткөнгө аракет кылып жаткан коомдук уюмдардын, коомдук жана саясий ишмерлердин пикирлери үчүн жооптуу жана ыраазы болгубуз келет. Мындай мисалдар өтө көп.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда, өкмөттөр арасында болсун, коомчулуктар арасында болсун, такай иштеген маек мейкиндиктерин калыптандыруу жана өнүктүрүү маселеси турат деп ойлойм. Менимче, коомчулук абдан чоң роль ойношу мүмкүн. Мен делимитациялоо маселесин айтып жаткан жокмун. Албетте, мунун коомдук пикирге тиешеси жок, бирок, мунун жакшы мамилелерди түзүү жана чек арадагы жаңжалдарды коомдук уюмдардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү аракеттерине тиешеси бар. Менимче, бул кыйла жакшы ыкма.
Биздин өлкөлөрдүн ортосундагы чек аралар шарттуу болбостон, юридикалык жактан бекитилген болушу керек деп ойлойм. Бул чек аралар достук чек аралары болуп, биздин өлкөлөргө чек арага жакын аймактардагы экономикалык жана ар кыл гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө жардам бериши керек.
Көйгөй качандыр бир кезде кайсы бир нерсени туура эмес кылып коюшкандыктарында эмес, эгемен мамлекеттер пайда болгон учурда чек аранын тигил тарабында да, бул тарабында да бири-биринен бөлүнүп калган үй-бүлөлөр бар болгондугунда экенин дагы бир ирээт кайталап өтөйүн. Туугандардын бир бөлүгү бир өлкөдө, башка бөлүгү экинчи бир өлкөдө жашайт. Бул кыйла татаал көйгөй. Бирок, бул көйгөйлөр чечилет жана, шайлоолордун мезгили жакындап келе жатса да, бул көйгөйлөр кесепетсиз чечилет деген үмүтүмдү билдирмекчимин.
Бул Тегерек стол “Кыргызстандагы жаңжалдардын алдын алуу жаатындагы потенциалды жогорулатуу” долбоорунун алкагында Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчилигинин техникалык көмөгү менен уюштурулду.
Жарыянын материалдары Элчиликтин расмий көз карашын чагылдырбайт.